Кызматынан кол жууган министр айым кызматкерлерди мыйзамсыз иштен алып жатат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова кызматынан бошотулса дагы жумушуна барып, буйруктарды чыгарып жатыптыр. Бул тууралу бүгүн 17- октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касмалиева билдирди.

“Таалайкүл Исакунова кызматынан кетсе дагы, жумушуна барып мурунку даталар менен буйруктарды чыгарып, кызматкерлерин мыйзамсыз жумуштан кетирип жатыптыр. Мага министрликтин кызматкерлери арыз менен кайрылып жатышат. Жумуштан кеткенден кийин мамлекеттин ишине кийлигишип жатканы бул кылмыш. 

Ысык-Көлдөгү көчмө жыйында баары ачыкталды, элдин көбү жөлөк пул ала албай жатканда булар 1 миллиард 300 миллион сом үнөмдөп калышкан. Муну каржы министринин орун басары дагы тастыктады. Мен муну текшерүүгө берем”,- деди депутат.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *