Кызыкчылык үчүн Келдибековду өөп жиберген Текебаев

Келишпес саясатчылар деп Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибеков саналып келген. Чындыгында бул эки саясатчы чогуу олтурмак түгүл бири-биринин атын укканда өңдөрү бузулуп кете турган абалда болчу. Жакында эле Текебаев менен Келдибеков жолугушуп, бири-бирин кучактап, элдешкени маалым болгон. Элдешүү Текебаев тараптан болгону да айтылган. Саясатта достук жок, кызыкчылык гана бар деген ушул да. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Текебаев шайтандын өзү менен да достошот эмеспи. Эки саясатчы элдешкени келишкенде Өмүрбек Текебаев өзүнүн жашы улуу экенин унутуп, Келдибековду кучактап бетинен өөп жибериптир. Бул кыргызга, айрыкча өзүн жигитмин деп эсептеген эр-азамат үчүн өөн учурайт эмеспи. Келдибеков да Текебаевди кучактап, өөп жиберет деп күтпөсө керек. Жолугушууда болгондор Келдибековдун ыңгайсыз боло түшкөнүн айтып жүрүшөт. Принципти туу туткан адам болуп көрүнгүсү келген Текебаев жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бирөөнүн бетин өөп жибергени уят иш эмес деп ким айталат? Кайда калды принцип?

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *