Кызыл-Дыйканда Үркүнгө карата эстелик тургузулду

Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Муну эч ким танбайт. Жайыл районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата эстелик тургузуп, жума этегинде айыл тургундары, райондун акимчилиги менен биргеликте расмий ачуу аземин кылды. Ата-бабалардын улуу жүрүштө эрдигин эске алуу жана арбактарына таазим этүү, Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөөдө Кызыл-Дыйкан айылынын эли бир чоң эрдик жасады десек жаңылбайбыз. Айылдын кире беришине эстелик тургузушту.

Асанбек МАМЫРБАЕВ, демилгечи:
– Тарыхый маалыматтарга караганда, 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүндө орус падышачылыгынын жазалоочу отрядынан 200 миңден ашуун адам курман болгон. Расмий эмес маалыматтарда мындан да эки эсе адам кырылганы айтылып жүрөт. Ак падышанын жоокерлери Кызыл-Дыйкан айылында отурукташкан Багышандын эле урпактарынан тараган 150 адамды азыркы Беловодск айылына алпарып, кырып салган. Алып баратканда 2-3 орус мылтыгынан башка эч нерсе жок экенин көрүп туруп, айкөлдүккө салып, ташбараңга албастан “кайрылып келебиз” деген ниетте кетип, кайра келбей калышкан. Кыргыз тарыхында кара так салган кандуу окуяга байланыштуу Кызыл-Дыйкан айылынын жашоочулары менен бирдикте Үркүндөн жабыркаган биздин аталарыбызга, энелерибизге болгон таазим катары эстеликти ачып отурабыз. Айкелдин автору Садыр Макеев. Ушу жигит биздин ой-толгообузду ташка түшүрүп берди. Жайыл менен Москва райондорунун акими болбосо бу да болмок эмес. Аларга өзгөчө рахмат. Бул эстелик улуттук аң-сезимди байытууга, тарыхый эс-тутумду бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт. Албетте, учурдан пайдаланып, эстелик тургузууга көмөк кылып, акчасын акчалай, кебин кептей, акыл-насаатын айтып, туш тараптан колдоого алган айылыбыздын жөнөкөй карапайым дыйканынан баштап генералдарына чейин, акын, жазуучу ага-инилерге чейин, эже-карындаштардын бирин да бөлбөй баарына рахматымды айтып кетүүнү эп көрүп турам. Аттарыбызды атабай койду деп таарынбагыла. Биздин демилгечи жумушчу топ ушуну менен токтоп калбайт. Алдыда кыла турган иштер дале толтура. Аны да убагында сиздер менен биргеликте бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара ынтымактын үстүндө кеңешип чечип, жүзөгө ашырып турабыз.

Садыр МАКЕЕВ, айкелчи:
– Мындан 2-3 жыл мурун Бишкектин 12-кичирайонунда аксакалдар кеңешинин төрагасы, кошунабыз Асанбек Мамырбаев агабыз менин скульптор экенимди билип, мага “Биздин айылдан 1916-жылкы Үркүнгө 150гө жакын адам кетип келбей калган экен. Ошол ата-энелерге багыштап, эстелик тургузалы деп жатабыз. Сенин жардамың керек” деди. Мен баш тартпадым да “ордун көрөлү, кай жерге тургуза турганын чечип берсеңер эле колумдан келген жардамымды аябайм” дедим. Быйыл март-апрель айларында Кызыл-Дыйкан айылына мени алпарды. Жер караштырууда бир аз түйшөлдүк. Айылдын аркы четиндеги коктуну сунушташты эле мен ынабадым. Анткени ал жер бир аз көмүскөдө калчудай. Кийин адамдар барабы же барбайбы күмөн туудурду. Ошондон улам азыркы биз эстелик тургузган жерди, айылдын кире бериши ылайыктуу болуп калды. Башында эскизимден айырмаланды. А жерде орустарга ат мингизип, кыргыздар жөө болчу. Аттан шыпырып түшүп, айыл элиндей эле жөө-жалаңдаттык. Негизи мындай жумуш арзан болбойт. Биз келишим баада арзан эле кылдык. Айыл тургундары каражат топтоп, бир тонна арматура, цемент, таш, кумун алперишти. Калыпты өзүмдүн өнөрканамдан жасап, калганын жеринде кынапталынды. Мурунку эстеликтериме караганда бул өзгөчө болду. Эргүү менен ишке баш-отум менен кириштим. Бир көргөн киши жаңылбай туруп, 1916-жылкы Үркүнгө карата тургузулганына баам салат. Эшигинин алдында казаны кулап, бозүйдүн алдында бала ыйлап, “кайра келем” деп атасы коштошуп атат. Орус туугандарды деле анча жаман көрсөткөн жокпуз. Замандын гана духун бергенге аракет кылдым. Эки жардамчы бала, мен жана дагы бир айкелчи Марлен Бакачиев авторлош болуп, төртөөбүз иштедик. Айыл эли бизди нааразы кылган жок. Бу жагын айта кетиш керек.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *