Кызыл китептеги “варанды” ээн-эркин сатып жүрүшөт!

Баткен облусунда жергиликтүү тургундар Кызыл Китепке эбак кирген боз эчки эмээр (варан) жаныбарын ачык эле сатып жүрүшөт.  Бул туурасында жергиликтүү тургундар кабарлашты.

– Маселен, Баткен районуна караштуу Таян кыштагында айыл тургундары ар бир эчки эмээрди (варанды) 2000 сомдон ачык эле соодалап жатышат. Муну бул жерге капысынан келишкен туристтер сурабастан, жөн эле сатып алып жатышат, – деп тызылдады Таян кыштагынын жашоочусу. Ал эми Баткен районунун жетекчилиги мындан таптакыр кабары жоктугун айтып актанышууда.

Булак: «Майдан. kg» 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *