Лахордогу жардыруу: каза тапкандардын саны 70ке жетти

Пакистандын Лахор шаарындагы жардыруудан кеминде 70 киши көз жумду. Жергиликтүү маалымат каражаттарында айтылгандай, алардын жыйырма тогузу жаш балдар.

Шаардын полиция башчысынын орун басары, комиссар Мохаммад Усмандын кабарлашынча, жардыруудан улам жарадар болгондор эки жүз чамалуу.

Жекшембинин таңындагы жардыруу Лахордогу унаа токтотуучу жайга жакын Гульшан-и-Икбал паркынын жанында болгон. Жардыруу болгон аймактан анча алыс эмес жерде балдар аянтчасы жайгашканы айтылууда.

Андан тышкары бул күнү жергиликтүү христиандар бул жерге Пасханы белгилөө үчүн келишкен.

Жардырууну уюштурганын «Талибан» кыймылы өз мойнуна алды. Алардын максаты христиандар эң жыш жайгашкан аймакта жардыруу уюштуруу болгон деп айтылат билдирүүлөрдө.

Булак: “Эл деми”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *