Лариса Асанбекова, парапсихолог: “Адам баласын сандар коштоп жүрөт”

Сандардын адам жашоосундагы мааниси?

– Адам баласын сандар коштоп жүрөт. Сандардын адам жашоосунда мааниси чоң. Мисалы 3 саны аалам, адам, жер же болбосо pyx, дене, жан, 7 саны 7 кабат асман, 7 кабат жер, 7 түс, 7 нота, адамдын денеси да 7 катмардан турат. 9 саны бул акылмандык, себеби сан 1 ден башталып 9 менен бүтөт, 1 ден баштап 9 га жеткенче тажрыйба топтолот. 9 токоч баабедин сүйүнүч болгондо жасалат. 12 саны 12 ай,12 саат бул бир циклдин бүтүшү,12 жыл бир мүчөл. 40 саны өлгөн адамдын 4 – денесинен, башкача айтканда материалдык дүйнө менен байланышкан акыркы денесинен чыгат. Ошондуктан өлгөн адамдын кыркылыгы өтөт. Бала төрөлгөндө кыркын чыгаруу тескерисинче жан материал­дык дүйнөгө калыптанат, ошондуктан баланын кыркы чыкмайынча бөлөк адамга көрсөтпөйт, себеби энергиясы алсыз.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *