Латип Жумабаев Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Жумабаев Латип Пазылович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Латип Жумабаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *