Леди Гага “Оскар” сыйлыктарын тапшыруу аземине баасы $50 млн турган бриллиант жасалгасын тагынып келди

Белгилүү америкалык ырчы Леди Гага “Оскар” сыйлыктарын тапшыруу аземине Alexander McQueenнын колекциясындагы кара көйнөк жана 128 карат брилианттан жасалган өзгөчө колье тагынып келди. Ал кольени буга чейин 1961-жылы актриса Одри Хепберн тагынган.

Сары түстөгү таштын аталышы “Бриллиант Тиффани”, ал дүйнөдө эң чоң жана белгилүү таш. Леди Гагага чейин ал 1957- жана 1961-жылдары гана светтик жыйындарда тагылган.

Бриллиант 1877-жылы Түштүк Африкада табылган алмаздан жасалган. Бир жылдан кийин ташты “Тиффани” компаниясы сатып алган. Бриллиант алгачкы ирет 1957-жылы Тиффани компаниясынын балында, эл алдына америкалык сенаторлордун биринин жубайы тагынып чыккан.

Бул кымбат баалуу жасалга “Тиффани” компаниясынын Нью-Йорктогу башкы дүкөнүндө сакталып келет. Азыркы учурда бриллианттын баасы 50 миллион АКШ доллары турат.

Белгилей кетсек, ырчы Леди Гага алгачкы жолу “Оскар” сыйлыгын алып жатат. Ал “Жылдыз төрөлдү” аттуу кинотасма үчүн ырдаган “Shallow” ыры үчүн “Мыкты ыр” наамын жеңип алды.

Булак:KyrgyzToday

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *