Легендарлуу инсан – Каныбек Осмоналиев 65 жашта

Каныбек Осмоналиев кыргыз жана советтик спорттун легендарлуу, эмгек сиңирген чебери. Оор атлетика боюн­ча Европанын 2 жолку, Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону. 1980-жылы Москва­да өткөн олимпиаданын чемпиону. Чын-чынын айтсак азыр мындай улуу даражалуу бийиктиктерди багындыр­ган, Осмоналиев жеткен чекке жеткен спортчу элибиздин ичинен чыга элек…

Кыргыз элинин сыймыктана турган уулу Каныбек Осмоналиев 19-ноябрда 65 жаш кутман куракка толду. Ал 1953-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айлында жарык дүйнөгө келген. Өзү да өкүт менен эскерген жагдай, 1, 5 жашка чыкканда атасынан айрылып калга­ны, ата мээримин көрбөй калганы. К. Осмоналиев эрте, жаш курагында эле (19 жашында) үйлөнгөн. Учурда төрт уул, үч кыздын атасы. Спорт легенда­сындагы бул инсан тууралуу айта бер­сек сөз арбын. Анан калса анын ысы­мы Ала-Тоонун ар бир кокту-колотуна чейин таанымал. Айталы дегенибиз, кыргыздын намысын эл аралык аре­нада далай ириет даңктаган агабызды 65 жаш курагы менен куттуктап, ал ки­шиге жана анын үй-бүлөөсүнө аман­чылыкты, чың ден-соолукту, деги эле жашоодогу бардык жакшылыктарды арнагыбыз келет деген изги тилеги­бизди билдирели дегенибиз. Ар убакта бар болуңуз Каныбек ага!

Айтмакчы, жакында, 25-29-ноябрь күндөрү борборубуздагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайын­да даңктуу спортчу Каныбек Осмо­налиевдин 65 жылдык мааракесине карата оор атлетика боюнча XXXI эл аралык турнир өтөт. Ага Борбор Азия, жакынкы жана алыскы чет мамлекет­тердин спорттук делегациясы жана өлкөнүн облус жана шаарларынан оор атлетчилер келери күтүлүүдө. Аталган мелдешти олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция, Улуттук олимпиада комитети жана Кыргыз­стандын оор атлетика федерациясы уюштурууда.

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *