Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп Чынгыз Керимкулов дайындалды

Бүгүн, 7-апрелде Керимкулов Чынгыз Кенжебекович Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу күч структураларындагы булактар ​​кабарлашты.

Буга чейин бул кызматты Мадияр Кулуев жетектеп келген. Ал бүгүн, 7-апрелде кызматынан бошотулган.

Чынгыз Керимкулов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп иштеген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *