Өлкөдөгү саясий, экономикалык абал оппозициянын башын бириктирди

“Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчү” деген жаңы оппозициялык кыймыл түзүлдү. Оппозиция өкүлдөрү узакка созулуп кеткен каатчылыктан, өлкөдөгү оор абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин айтып, бийликке 7 талабы бар экенин жарыялашты.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Ата-Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев баштаган бир топ саясатчылар, уюмдар жана ар тармактын ишмерлери мүчө болду. Оппозиция өкүлдөрү узакка созулуп кеткен каатчылыктан, өлкөдөгү оор абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин айтып, бийликке 7 талабы бар экенин жарыялашты. Бул кыймылдын максаты, алдыдагы пландары тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү болгон “Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын” теңтөрагасы Бегалы Наргозуев менен маек курдук.

-Оппозициялык күчтөрдүн бирикмесин түздүңүздөр. Бул кыймылдын максаты эмне? Түзүүгө эмне түрткү болду?

-Бул кыймылды түзүүгө өлкөдөгү саясий, экономикалык абал себеп болду. Бийликтин көзү май басып Кыргызстанды кризистик жагдайга кептеп койду. Барынан өкүнүчтүүсү бийликтин азыркы абалды реалдуу көрбөй, абалга көз айнектер менен карап, кризистен чыгуунун аракетин көрбөй жатат. Экономиканын сазга батуусу, инфляциянын өсүүсү, дефициттин күч алганы, ички дүң продукциянын кыскаруусу, элдин жашоо-турмушунун төмөндөшү, бул чакырыктарга каршы бийликтин чара көрбөшү себеп болду. Ошондуктан оппозициянын мурун дегеле бирикпеген дөө-шаалары Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев сыяктуу бир топ лидерлер жана саясий партиялар биригишти.

-Өкмөткө 7 талап койдуңуздар. Бул талаптарды өкмөт канчалык негиздүү деп эсептейт жана ишке ашырат?

-Биздин талаптарды өкмөт аткарат деп ойлойбуз. Анткени өкмөттүн кызыкчылыгы үчүн коюлган талаптар. Өзүн-өзү сактоо инстинкти деген бар. Бул бийликте отургандар бийликти аябай жакшы көргөндөр, ошондуктан алар бийликтерин сактап калуу үчүн да биздин талаптарды угат.

-Мына ушул сиздер тараптан коюлуп жаткан талаптарды чечүүнүн, чыгуу жолдору өзүңүздөрдө барбы?

-Бул 7 талаптын өзүндө жолдору да көрсөтүлгөн. Эгерде деталдуу жолдору керек десе, анда бийлик менен оппозициянын жолугушуусу болсо, ошол жерде баары сунушталат.

-Силер койгон талаптар аткарылбаса анда кандай кадамга барасыңар? Эл менен жолгушууларды өткөрөсүңөрбү?

-Биздин койгон талаптар аткарылбаса анда саясий күрөштүн алкагында талаптар андан ары күчөйт. Азыркы бийлик бийликке жетүү үчүн кандай күрөшкөн болсо, биз да саясий күрөштүн бардык формаларын колдонобуз. Эл менен жолугушуулар, митингдер болот. Шайлоолордун таза өтүүсү үчүн шайлоо өткөн жерлерде күрөштөрдү жүргүзөбүз. Себеби акыркы шайлоолордо бийлик өзүнүн талапкерлерин мыйзам бузуулар менен өткөрдү. Биометрика дегенди жамынып калп эле кошумча жазуулар, компьютерлерден өткөрүлгөн бюллетендердин видеолорун тараганын көрдүк.

– “Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси” — кийин саясий партияга айланабы?

-Айланып кетиши мүмкүн. Бирок алдын ала айта албайм. Бул күчтөр мурун дегеле бириккен эмес. Азыркы абалды түшүнүп, биригүүнү туура көрүштү. Анткени саясий идеология бир болбосо, анда азыркы бийликтегилер Кыргызстанды катастрофага алып келет.

-Буга чейин мындай оппозиция болгон эмес деп жатасыз. Бирок мындан мурун да оппозициялык топтордон турган оппозиция түзүлгөн. Бирок алар узакка кете алышкан жок. Сиздер да ушул сыяктуу болуп калбайсыздарбы?

-“Бишкек форуму», “Каршылык Көрсөтүү Кыймылы” уюмдары, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата-Журт” партиялары буга чейин такыр биригип иштеген эмеспиз. Булар эч качан бириге алабайт деп оппоненттер айтып келишкен. Буга карабай бүгүн биригип отурат. Күндө болгон жолугушуулардан байкап жатам, карама-каршылыктар жок. Ошондуктан бул узакка созулган, саясий бир идеологияга бириккен, чоң саясий күчкө айлана алат.

-Сиздерди бириктирген бул Кыргызстандын саясий экономикалык абалынын да мурда саясий күчкө, партияга айлануу максаты эмеспи?

– Саясий партияга айлануу сөз болгон жок. Болгону сиздин сурооңузга карата божомол катары айттым. Биздин бир гана шартыбыз бул Кыргызстандын саясий экономикалык абалы менен күрөшүү, бир багытта, жолдон тайбай, күрөштү акыр-аягына чыгаруу. Бийликти көптүрбөй элге кызмат кылчу бийликке айлантуу максатында кол алыштык.

-Негизи Кыргызстанда оппозиция бар деген менен иш жүзүндө күчтүү оппозициянын жоктугу айтылып келет. Сиздер күчтүү, өз ордун тапкан оппозицияга айлана аласыздарбы?

-Азыркы оппозиция күчтүү. Муну бийлик жөн гана чычалап моюнга албай жатат. Кыргызстанды өнүктүрүп жиберем деп көкүрөк каккандар бийликке 6 жыл мурун келишкен. Буларга иштегенге кенен убакыт берилип келди. Бирок 6 жылдан бери бардык экономикалык көрсөткүчтөр төмөн кетти. Эми оппозиция баш көтөрөт жана биригүү жолуна түшөт. Бир гана биз эмес башка да оппозиялык топтор бар. Азырынча бизге кошула элек Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров сыяктуу күчтүү оппозциялык күчтөр бар. Системдүү оппозицияда көп жылдар иштеген тажрыйбалуу оппозиционерлердин катары кең. Азыркы оппозициянын интелектуалдык деңгээли бийликте отургандардан 2-3 эсе күчтүү. Ошондуктан азыркы тапта Кыргызстанда күчтүү оппозиция бар деп эсептейм.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.
Гүлназ Мамытова

Гүлназ Мамытова
Булак: “Марал” радиосу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *