Өмүрбек Бабанов: “Аэропорттун жолу сапатсыз жасалып жатат, тендерден уткан компанияга иш козгош керек”

Бишкектен “Манас” аэропортуна чейин курулуп жаткан жол сапатсыз болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди. Ал өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бул маселени жеке көзөмөлүнө алуусун сурады.

“Бул жол өтө эле сапатсыз курулуп жатат. Көп болсо бир, эки жылдын ичинде талкаланат. Жол салуу үчүн тендерди уткан компанияны текшерип, кемчиликтер болсо кылмыш ишин козгош керек. Биздин сырткы карызыбыз 3 миллиард доллардан ашты, ошонун 30 пайызы жолдорго кетет. Биз мынча акчаны кайдан табабыз? Ошондуктан, Сооронбай Шарипович, бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, карап чыгыңыз”, – деди Бабанов.

3 comments

  • ГУЛНУРА says:

    3 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ДЕП ООЗДУН КЫЧЫГЫНАН ЧЫГА ТУРГАН БОЛДУ ЧЫНЫНА КЕЛСЕК БУЛ СУММАНЫ ТОЛОШ УЧУН КАНЧАЛАГАН КАРАПАЙЫМ ЭЛДИН МЭЭНЕТИ БАР УШУ ЖОЛ КУРГАНДАР ЖОЛ АКЫСЫН ЖЕБЕЙ ЭЛЕ СТАНДАРТКА ЖООП БЕРЕ ТУРГАН ЖОЛ КУРУП БЕРИШСЕ ЖАКШЫ БОЛМОК МЕН БИЛГЕНДЕН АКИМДЕР ОЗУНУН АЙЫЛЫНА ЧЕЙИН ЖОЛ ОНДОТОТ , АЙРЫМ ЧОНДОР ОЗУНУН РАЙОНУНУНА ЧЕЙИН ОНДОТУШУП КАЛ БЕРИП ЖАТЫШАТ КАЛГАН СУММА КАЙДА ? БАБАНОВ МЫРЗА ТУУРА АЙТАТ ЭШИГИН КОРУП ТОРУНО ОТ ДЕЙТ ЭЛ АРАЛЫК ДЕНГЭЭЛДЕГИ МЕЙМАНДАР КЕЛЕТ АЛ ЖОЛ МН , ОШОНДУКТАН ОКМОТ БАШЫНДА ТУРГАНДАР БИР ЭЛЕ АЛ ЖОЛ ЭМЕС БАШКА ЖОЛДОРДУ ДА ЭСКЕ АЛЫП КАРАП КОЙСОНУЗДАР ,КАР ЖАБЫЛДЫ ИЗ БАСЫЛДЫ ДЕП ЭЛ КОЗУНО ОНДОМУШ БОЛУП АРКАСЫНАН ЭЛЕ ОРКОЮП КАЛЫП ЖАТБАЙБЫ АЗ УБАКЫТТА ,ОШОНДУКТАН ЖОЛ АКЫСЫН ЖЕГЕНДЕР ОЙЛОНУП КОЙГУЛА ЖОЛДУН ДА КУСУРУ БОЛОТ

  • Atabek says:

    Al jol bizdin juzubuuuuzzz! Any chyn jurokton kurup bergilee!!!¡!!!

  • Asan-Uson says:

    Al jol bizdin juzubuuuuzzz! Any chyn jurokton kurup bergilee!!!¡!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *