Мадумаров кимге кошулбасын, жакшылыгынан да жамандыгы тийип калбайбы?

Эсиңерде болсо, Адахан Мадумаров 2010-жылы Апрель баатырларын жырткычтарга, алкаштарга теңеп чыкканы жалган беле? Бул маанайда өлкөбүздөгү бүтүндөй маалымат каражаттары эмнелерди гана жазышкан жок? Ошондон кийин Мадумаров элди кемсинткен, бөлгөн бир пенде катары сыпатталып калдыбы? Кыскасы, бу жаатта суроолор арбын дечи. Эң кызыгы, кайсы гана шайлоо болбосун, карапайым калктын жарытылуу добушуна ээ боло албай, ар дайым утулуу ызасы менен жини шакардай кайнап келет. Кайсы шайлоо болсо да жыдыйт эмеспи. Бу саам да алына карабай аламанга аттанып алып, орто жолдон айрым таасирдүү талапкерлердин этегин кармай жыгылгандай болуп, кур дымакта сөөлөттүү сүйлөп, аныгында «көңдөйлүгүн» билгизбегенге жан сабаганына не дейбиз? Биздин баамыбызда, Мадумаров кимге кошулбасын, жакшылыгынан да жамандыгы тийип калбайбы? Мына ушул жагынан терең ойлонсок…

Булак: “Азия Ньюс”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *