Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Майлуу-Сууда шайлоого карата массалык түрдө каттоого туруунун алдын алуу багытында иштер жүрүүдө
КООМ

Майлуу-Сууда шайлоого карата массалык түрдө каттоого туруунун алдын алуу багытында иштер жүрүүдө

Бүгүн 19-февралда Майлуу-Суу ШИИБнин жетекчилиги тарабынан атайын жыйын уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага аскер кызматкерлери, врачтар, мугалимдер, социалдык кызматкерлер катышышты. Жыйындын жүрүшүндө КРнын президентинин коопсуздук кеңешинде койгон талаптарын аткаруу, жаңы кодекстердеги коррупция боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештин шайлоосуна карата жарандардын шаар аймагына массалык түрдө каттоого туруусуна көзөмөл кылуу керектиги белгиленди.

Эске салсак 2020-жылдын 12-апрелинде Майлуу-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтөт.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго түз суроо: Сиз 5 жыл жетектеген убакытта Нарындын кайсыл жерин гүлдөтө алдыңыз?

Видео – Атамбаевдин хансарайына айрым Кой-Таштык күйөрмандары келип, Атамбаевге жолугушту

Президент ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода жүргүзүү жөнүндө келишимине кол койду