Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу фестиваль жана көргөзмө болот

Бүгүн, 3-декабрь – майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкекте фестиваль жана көргөзмө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, Бишкектеги фестиваль жана көргөзмө “Sheraton” мейманканасында болот, ага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышат.

Расмий маалымат боюнча,  Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып каттоодо, анын 29 миңден ашууну 18 жашка чейинкилер. БУУнун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленип келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *