Максат Дамир уулу, туризм департаментинин директору: “Саясатта туруксуздук, курч окуялар болуп кетсе, туризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет”

Болуп көрбөгөндөй кооз табигатыбыз, Ысык-Көлүбүз менен туризмди эң жогорку деңгээлге өнүктүрүп, көптөгөн жаңы иштерди жасасак болот. Кыргызстандагы туризм тармагындагы жаңылыктар жана азыркы абал тууралуу туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу менен маектештик.

– Азыркы учур, саясый ар кандай окуялар, Атамбаевге байланыштуу кырдаалдар туризмге терс таасирин тийгизген жокпу?

– Мындай саясый кырдаал ар бир мамлекетте эле орун алса керек. Өтө чоң маселелер деле болгон жок. Ошондуктан көп деле таасири тийген жок. Аябай чоң туруксуздуктар, курч окуялар болуп кетсе, албетте, туризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

– Туризм тармагында кандай жаңы жаңылыктар, жаңы иштер бар?

– Туризмге көңүл бургандан бери жаңылыктар көп болуп жатат. Буюрса визасыз кирген мамлекеттердин саны көбөйүп, 52ге жетти. Мурда 45 эле болчу. Анын мөөнөтү да узарды. Алгач 2020-жылга чейинки мөөнөт болсо, азыр 2025-жылга чейин узарды. Ачык асман саясаты кирди. Бул туризмге аябай чоң таасирин тийгизет. Андан сырткары, даараткана маселелери четинен чечилүүдө. Азыркы учурда Бишкектен Ысык-Көлдү көздөй кетип жаткан жерлерди аныктап, ошолорду ишке киргизүү боюнча да иштерди алып барып жатабыз. Туристтер картасын киргиздик. Эми жакшыртуу жагына көңүл бурабыз. Жалпысынан иштер алдыга жылууда. «Жөжөнү күздө сана» дегендей, жыйынтыгын күздө көрөбүз.

– Инвестиция тартуу жагында кандай жаңылыктар болууда жана айрыкча кайсы тармакта?

– Инвестиция тартуу боюнча дагы көп сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Инвестицияны алдыга жылдыруу агенттиги бар, ошолор менен тыгыз иштешебиз. Бул жаатта көптөгөн форумдар өтүүдө. Бизге кызыкдар болгондоруна катышып, турбизнести тартканга аракет кылып, бизнести бириктирип, жолуктуруп, алардын кандай маселелери болсо чечип бергенге аракет кылып жатабыз. Биз азыр Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарында мастер-план иштеп чыктык. Буюрса август, сентябрь айларында жыйынтыгы чыгып калат. Анын алкагында, кайсы жерде кандай тур объект болушу керектигин аныктайбыз. Ошого жараша инвесторлорду дайындап чыгабыз.

Мисалы, тоо лыжа базасы салына турган болсо, ошого бизнес пландарды жазып чыгабыз, мында потенциалдуу инвесторлорго кайрылууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, реновация жасоочу инвесторлор керек. Биздин пикирде Ысык-Көлдө туризм өнүккөн, болгону тейлөө кызматтарын жакшыртуу багытында иштешибиз керек. Бир гана Казакстан менен Россиянын туристтери менен чектелбей, башка мамлекеттерди дагы тарта баштайбыз. Азырынча табыгый жаратылышка суктангандар эле келүүдө.

Кыргызстанга келген туристтерге жасалган биздин анализдерге таянсак, жаштар көп келүүдө. Аларга көңүл ачууга арналган иш-чараларды уюштуруу талабы бар. Идея бар. Чет элдик туристтерди тартуу үчүн эл аралык бренддеги мейманканалар, отелдер келиши керек.

– Карапайым калктын да туристтерди тосуп алуу боюнча аракети барбы? Жеке менчик үйлөр, айылдар туристтерди тосуп алуу жагын кандай өздөштүрдү?

– Карапайым калк боюнча айтсак, туризм айыл жергесинде, алыскы аймактарда болуп жатат да. Айрыкча алыскы мамлекеттерден келген туристтер биздин айыл жергесинде жашаган адамдарга, кооз жаратылышка кызыгып барышат. Албетте, аларга жаткан жер, тамак-аш керек, түрдүү сувенирлер болуусу шарт. Ар кандай кызматтык тейлөөлөр зарыл. Ошолорго кызмат көрсөтүп, жергиликтүү эл бүгүнкү күндө акча таап жатат. Албетте, бири-бирин көрүп эле «туризм жакшы болот турбайбы» деп акырындан бул жаатта да туризм өнүгүп келе жатат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *