Максат Мамытканов, саясат талдоочу: “Кытайларды биздин жерлер, суулар, мөңгүлөр жана кен байлыктар кызыктырат “

Кытайга карыз өлкөлөр абдан көп. Азия, Африка жана Европанын 68 өлкөсүндө жалпы наркы ондогон триллион долларларды түзгөн долбоорлорду каржылайт. Бирок өкүнүчтүүсү, ошончо өлкөнүн ичинен карызы көп алдыңкы беш топко Кыргызстан дагы кирди. Өтө карызы көп тагдырлаш өлкөлөргө Жибути, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Черногория, Пакистан жана Тажикстан өңдүү өлкөлөр кирет. Бул боюнча Максат Мамыткановдун пикирин уктук.

– Кытайга болгон кредиттерибиз кандай коркунучтарды жаратышы мүмкүн?

– Кредиттерди төлөмөй коркунучу бар. Ал кредиттерди биз пайызы менен алганбыз. Ошол пайыздарды төлөгөнгө кудуретибиз жетеби-жетпейби, бул экинчи маселе. Биз карыздарды убагында төлөй албай, анан кытайлар «эмне менен кутуласыңар?» десе эмне кылабыз? Кеп ошондо болуп турат. Кытайлар бизге кандай шарт коёт, эмнени талап кылат? Биздин өкмөт, Жогорку Кеңеш кантип кутулуштун жолун билбейт. Кытайлар эмнени талап кылышат, бизден эмне керек? Биздин жерлер, суулар, мөңгүлөр, кен байлыктар керек. Ушул төрт тубаса табигый нерсебизди кантип беребиз? Эң коркунучтуусу ушул.

– Өлкө экономикасын көтөрүүгө жандалбастап иштей турган учур болуп турат. Эртең карызды жакалап келгенде оор абалда калабыз го. Биздин өкмөт, бийлик башындагылар эч нерсени кенебей жүргөнү таңгалычтуу.

– Биздин экономика эмне үчүн токтоп жатат? Буга чейин 2010-жылдан бери кытайлар берген кредиттерге эптеп-септеп экономикалык жылыштар болуп жатты. Анан токтоду баары. Кытайдын деле бизге бере турган насыясынын өз өлчөмү бар да. Биздин өлкөнүн дүң продукциясынын көлөмү сегиз млрд. доллар. Ал эми биздин тышкы карызыбыз ошонун 70%ынан ашып жатат. Ошондуктан кытайлар мындан дагы көбүрөөк акча берели десе, биздин экономиканын абалын көрүп турушат. Ошон үчүн дагы карыз акча алууга мүмкүнчүлүгүбүз чектелип калган. Азыркы убакта биздин өкмөт, Жогорку Кеңеш ойлонуш керек, кайсы өлкөдөн карыз алып иштете аларыбызды. Анткени биздин экономика пайданы туубай жатат. Кеп ошондо болууда. Экономиканы жылдыралы десек кошумча акча керек. Кан тамырды кан менен камсыздаш керек да. Экономикада деле ошондой кандын ордуна акча жүгүртөт. Эгерде инвестиция, акча экономикада жок болсо, кан жүгүртө турган, тиричилик кылдыра турган шарт жок болот. Акча, инвестиция чоң ролду ойнойт. Биздин экономикалык абалыбыз ошого тоскоол болуп турат. Кытайлар дагы насыя бермек, мындан да көп бермек. Бирок биз канча бир насыя алсак, экономикабыздын абалы өссө, анда кутулуунун жолдору бар. Жаңы товар, жаңы көлөм экономикада көбөйсө, акча көбөйө турганын биздикилер кытайларга түшүндүрүп бере албай жатышат. Анткени аны өздөрү да түшүнүшпөйт. «Кыргыздар кандай сунуш беришет?» деп кытайлар күтүп эле атышат…

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *