Аудио – Максат Сабиров, депутат: “Менин Беш мырза Арык уруум 450 жылдан бери Кыргызстан боюнча уча жеп жүрөбүз. Кудай таалам бекеринен ушул сыйды бизге берген эмес. Ак-Суулуктар, бийликке каршы көтөрүлгүлө!”

“Мен, депутат Сабиров Максат Эсенович. Мындан кийин Кыргызстанда жакшылык болбойт.  Ак-Суу элим, алтындарым, менин айтып кетерим ушул – силер күрөшкүлө”, – деп билдирди кечээ, 12-июлда  “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Бабановдун жандоочусу Максат Сабиров.

“Мен күрөшүп келдим ушул убакка чейин. Ушул убакка чейин ушулардын, бийликтин калыссыздыгына, жамандыгына күрөшүп келдим. Сиздерден суранарым ушул – мен өтүп кетсем же өлүп калсам дагы силер күрөшкүлө эми. Элибиздин биримдиги үчүн, кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын, бирок мен аягына чейин сатылган жокмун башка партияларга, башка принциптерге. Принцибим менен жүрдүм. Кудай буюруса дагы ушул менен күрөшөм! Кудай буюруса ушул элим үчүн, журтум үчүн деп күрөшөм дагы! Силерге баардыгыңарга айтарым ушул. Ак-Суу элет көйгөйү, алтындарым, Кудай буюруса, баардыгы жакшы болот. Кыргыз элинин келечеги кең! Бирок азыркыдай мамлекетти бузуп олтурган президентибиз болобу, парламентибиз болобу, өкмөтүбүз болобу  баардыгына наалат! Наалат! Дагы миң жолу айтам силерге, наалат айтам. Ошолордун жолун баспастан, ошолордун изин баспастан мен силерден суранам, баардыгыңар күрөшкүлө. Мен бүгүн өлүп кеткен күндө дагы сиздер күрөшкүлө. Күрөшпөсөк эч качан бизде жакшылык болбойт. Кыргыз эли касиеттүү эл. Касиеттүү эл. Кыдыр акемдин, бекеринен Кыдыр аке болгон эмес. Беш ата Арык тукуму – беш мырза, Арык тукумундагы беш мырза бекеринен 5 мырза болгон эмес. 450 жыл мурун калмактарды ушул жерден кубалап чыгып Беш мырза аталып, арык тукуму аталып, ошол жерден Кыргызстан боюнча уча жеп жүрөбүз! Анан Кудай таалам бекеринен ушул сыйды бизге берген эмес. Айланайын Ак-Суулуктар, бириккиле, күрөшкүлө, көтөрүлгүлө! Бул бийликте ыйман жок. Ырыскы жок. Мен бүгүндөн баштап, ушул бийликке, мен мурда эле каршы болчумун, дагы каршы чыгам! Айланайын кыргыз элим, бир туугандарым, айланайындар, эгерде бул бийликти жок кылбасак, биз эч качан оңолбойбуз, өспөйбүз, өнбөйбүз. Балдарыбыз, мамлекетибиз жок болот”, – деди “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Бабановдун жандоочусу Максат Сабиров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *