Максат Сабиров, ЖК депутаты: “Көп партия келип алып, парламентте кырылышып отурса да жаман”

– Максат Эсенович, уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте чоң талаш-тартышты пайда кылды. Кандай дейсиз, биосфералык аймактарда дегеле кендерди иштетүүгө тыюу салыш керекпи, же кээ бир депутаттар айткандай, радиоактивдүү кендерге гана тыюу салып, калгандарына уруксат бериш керекпи?

– Бизде корголгон аймактар бар да. Ал жерде экологияга зыян келтире турган эч кандай өндүрүш болбошу керек. Биосфералык аймактардын өз мыйзамы бар. Андан тышкары, экологияны сактоо боюнча да мыйзам бар. Ысык-Көл ЮНЕСКОго кирген. Анан ошонун баарына көз жуумп туруп, кайра эле «уруксат бериш керек» деп атпайбы. Мен ошону ачык айттым. «Биосфералык аймак болгондон кийин мыйзамды аткаргыла, экологияны сактайлы, Ысык-Көлгө дегеле тийишпегиле. 200дөн ашуун лицензияны таратып, жердин баарын бөлүп берип атасыңар. Ушундай нерселерди токтоткула» дедим.

– Сиздин бул пикириңизге айрым кесиптештериңиз «анда Ысык-Көлдөн башка жерлерге боло береби?» дегендей реплика ыргытышты. Сиз жалпы биосфералык аймактар тууралуу айтып жатасыз да?

– Негизи биосфералык эң чоң аймак – бул Ысык-Көл. Андан кийин Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек жана башкалар бар. Мен ошол Ысык-Көлдү мисал кылып айттым. Кожобек Жайчыбекович «лицензиялар шагыл ташка, топуракка берилген» деп атпайбы. Шагыл ташка ар бир райондо беш-алтыдан берилгендир. Ал эми калган лицензиялардын баары жайлоодогу жайыттарга берилип атпайбы. Кенди чалгындоого 100 гектар, миң гектарга чейин берилип атат. Ошол нерселердин баары туура эмес.

– Тогуз пайыздык тосмо тууралуу көз карашыңыз кандай?

– Партиялардын атаандаштыгы болсун десек, 5 пайызга түшүрүш керек. Макул, 7 пайыз болсун. А эгерде башка өлкөлөрдөгүдөй мурдатан келаткан эки-үч түптүү партия өтсүн десек, анда 9 пайыз болгону туура. Бир четинен карасак, көп партия келип алып, парламентте кырылышып отурса да жаман. Эч бир маселе чечилбей, соодалашып эле отуруп калышат. Бирок, баары бир атаандаштык болушу керек. Атаандаштык болмоюнча эч качан өнүгүү болбойт, бизнесиң деле, мамлекетиң деле. Андыктан, бул эки жактуу маселе. Ошонун туурасын чечип алышыбыз керек.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *