Максимдин оң колу Сапар Исаков өкмөткө келсе, 7-апрель окуясын жокко чыгарабызбы?

Премьер-министрлик кызматтан Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин анын орду талашка түшүп, Сапар Исаковдун аты чыга баштады эле, тилекке каршы, чехтерге байланышкан чуу жаралып, анын талапкерлиги арабөк абалда турат. Андан башка да толгон-токой компроматтар интернет айдыңында калкып жүрөт.

2010-жылы 7-апрелде аянтта кырчындай жигиттер окко учуп, боо-боо болуп кулап жатканда, Сапар мырза Максим Бакиев менен Америкада иш сапарда жүргөнүн билбейсиңерби? Максимдин «көмүскө өкмөтү» ЦАРИИ болсо, ошонун оң колу Сапар болуп жүрдү эле го? Кандай гана кыңыр иштер бар эле? Буга чейинки эле анын көкөлөп өскөнү, президенттик аппаратты башкарганы аздык кылып келдиби? Таңгаласың. Ток этери, бир жагынан эски КСДПчылар каршы чыгышса, ошого катар Жогорку Кеңештин депутаттары да колдоп кетишери арсар. Азыр баары эле «оюнчу» болуп алышты. Жел кайда соксо, ошол жакка ыкташат. Аныгында, президент Алмазбек Атамбаев жакынкы күндөрү парламентке Исаковду сунуштап, кокус ишенген «жоокери» өтпөй калса, анда оор сокку болот. Ай ким билет? «Токмогу катуу болсо кийиз казык жерге кирет» дегендей, бу саам депутаттар корконунан да президенттин сөзүн эки кылбай, сүймөнчүк Сапарды өкмөт башчы кылганы калышты окшойт…

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *