Мамат Айбалаев, экс-губернатор: “Жерди белекке берген – чыккынчылыкка тете иш!”

– Мамат мырза, чек арада чыр чыкканда дайым сизди эстейбиз. Бу сапар да ок атылды. Эл коопсуз жерге көчүрүлдү. Чек арадагы жылдан жылга курчуган жагдайды эпке келтирүүнүн, чечүүнүн жолу барбы?

– Ал маселени чечиш үчүн алгач делимитация, демаркация деген маселелерди чечиш керек. Болбосо мындай чырды эч ким болтурбай коё албайт. Ал маселени чечкенде да мамлекет өзү каалагандай чечим кабыл ала бербей, ошол жердеги жашоочулардын да пикирин эске алып, макулдашышы керек. Ошондой эле Тажикстандын бийлиги менен да сүйлөшүш керек. Тажиктер менен биздин мамлекеттин көз карашына жакындаган орток пикир тапканда гана бул маселени чечүү аз-маз жеңилдейт. Болбосо, бул маселе жыл өткөн сайын татаалдай берет. Негизи чек ара маселесин чечүүнүн варианттары, жолдору жок эмес бар. Бирок, чек ара маселеси менен алек болгон комиссия тынымсыз иштеп, Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору койгон вариантты ишке ашырууга аракет кылышы абзел.

– Сиз ал маселесин чечүүдө кайсыл вариантты сунуштайт элеңиз?

– Менде ал маселени чече турган 4-5 вариант бар. Биринчиси, Тажикстанда жашаган Мургаб, Жерге Тал районундагы кыргыздарды кор кылбай тажиктер менен акылдашып, Кыргызстанга чектеш жерлерге көчүрсө болоорун айткым келет. Айтайын дегеним, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жерине кыргыздар жашаса, жыл сайын чыгып жаткан жаңжал чыкпайт. Анткени, кыргыздар менен кыргыздар урушпайт. Тажикстандын дагы бир облусунда 17 кыргыз айылы бар. Ал жерде 25 миңдей киши жашайт. Андан тышкары чакан шаарда дагы 200дөй үй-бүлө жашайт. Алардын көпчүлүгү мен губернатор кезде Кыргызстанга жашасак деген ниетин билдиришип, Тажикстанда кыргыздарга болгон мамиле өзгөрө баштаганын айтышкан. Ошон үчүн бул маселени көз жаздымда калтырбай, тажиктер менен акылдашып, Тажикстандагы кыргыздарды Кыргызстан менен чектеш жерине көчүрсө жакшы болот эле. Калган варианттарды чек ара маселесин чече турган тийиштүү адамдар менен талкуулаганга даярмын.

– Чек ара маселесин эки жактын президенттери гана чечет. Комиссия түзүлгөнү менен жарытылуу деле чечим чыгарбайт дешет айрымдар. Чек ара маселесин чечүүдө сөзсүз президенттин саясий эрки керекпи?

– Чек аранын маселесин, көйгөйүн чечүү Конституция боюнча президенттин эмес, өкмөттүн милдети. Ошондуктан ал маселени өкмөт чечиш керек. Президент жардамдашса, андан да жакшы. Анткени, чек ара маселесин чечүүдө убакытты уттуруп жибердик. Эгемендүүлүк алган жылдары эле чек араны тактай салбай, эйфорияга батып жүрө берип, маселени татаалдаштырып алдык. Ал жылдары биз кошуналар менен көп жылдар бою бирге жашадык. Каныбыз-каныбызга сиңип калган деп жүрө берип, убакытты өткөрүп алдык. Бирок, чек ара маселеси биз ойлогондой эмес экен да. Ал кырдаалды курчуткан, тирешти жандантып коюу мүмкүнчүлүгү жогору маселе экен. Ага дүйнө жүзүндөгү чек ара боюнча чыккан жагдайлар, жаңжалдарды мисал кылсак болот. Азыр кырдаал да, элдин психологиясы да өзгөргөн. Илгеркиче ойлонгонго болбойт. Жерди белекке берген да чыккынчылыкка тете иш. Ошон үчүн Акаев Үзөнгү-Куушту Кытайга бергени үчүн, Бакиев Каркыраны казактарга бергени үчүн кылмыш жообуна тартылышы керек. Кылмыш жообуна тартыш керек десе эле аларды камаш керек эмес. Алардын ошол аракеттерине баа берилиши зарыл экенин айткым келет.

– Чек арага жакын жашагандар чек арадан чыр чыкса эле биздин өкмөт өз жарандарыбызды жазалайт. Тажиктер болсо, кыргыз бийлиги өз жарандарын жазалайт деп бизди тоготушпайт дешет экен. Бул маалыматка ишенсек болобу?

– Чек арада маселесин чечүүдө көп оор жагдайлар бар. Чыр чыккан сайын ошол жагдайлар эске салынат. Эми кырдаал кыйындаган жерде түрдүү варианттагы сөздөр айтыла берет. Балким, бул сөз ошондой оор жагдайлардын биринде айтылгандыр. Мүмкүн өкмөт да айрым учурда катачылыкка жол бергендир. Ошон үчүн эл арасында ушундай сөздөр айтылып жүрсө керек да.

– Чек ара маселесин чечүүдө меймандостук деген шылтоо менен көп учурда Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калат деген да пикирлер арбын. Ошол чынбы?

– Азыр ал маселени чечүүдө кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын гана эске алыш керек. Анткени, меймандостукту эске ала турган социализмден өтүп кеттик. Меймандостук социализм менен бүттү го деген ойдомун. Азыр капитализмде жашап жатабыз. Капитализмде система социализмден башкача болот. Ошон үчүн сөзсүз чек ара маселесин чечүүдө кыргыз мамлекетинин гана кызыкчылыгын эске алышыбыз керек.

– Тажикстан менен да экономикалык байланышты күчөтсөк, кыргыз-тажик маселеси мынчалык курчубайт эле дегендер да бар. Бул жагында эске алсак болобу же бул сөз аргасыздан айтылган?

– Албетте, эске алса бөлот. Алгач тажиктер менен кайсыл тармакта экономикалык байланышты күчөтсө болоорун карап чыгышыбыз керек. Анткени, тажиктердин эле экономикалык, социалдык абалы анча жакшы эмес… Өзбекстандай өнүккөн эмес.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *