Мамбетжунус Абылов, экс-элчи: “Канат Исаевди кыйын кезеңде колдогон адамдардын катары калыңдады”

– Кийинки күндөрү өкмөттүн ишине көп канааттанбагындык байкалат. Сиздин оюңузча буга эмне себеп болууда?

– Мен бир эмес, эки-үч жолу министр болгондуктан, өкмөттүн ишин жакшы билем (!) деп эсептейм. Биз өкмөткө мүчө болгондо (анда коммунисттик доор эле да) тепкичтердин баарынан өтүп келип, анан министр болгонбуз. Жеке мен өзүм мастер, прораб, улук прораб, башкы инженер, башкармалыктын начальниги, тресттин начальнигинин орун басары, начальниги, бирикменин башкы директору, главканын начальниги, мамкурулуштун төрагасынын биринчи орун басары кызматтарында иштеп, анан министр болгом. Себеп дегенде, ошол учурда партия жөндөмдүү, тажрыйбасы бар кишилерди улам-улам көтөрүп отурчу. Азыркы министрлерди карап отуруп күлкүң келет. Бүгүнкү министрлер кимдер? Партиялар жиберген өкүлдөр. Алар шайлоонун астында чогула калышып, жанагы чөнтөгү калыңдар депутаттыкка барыш үчүн балдарды жалдап иштетишип, добушту ким көп алып берсе, жекимдин тууган-уругу көп болсо, ошолорду сунуштап атышат да. Өзгөчө Атамбаев бийликке келгенден кийин министрликтин кадыры аябай түшүп кетти. Ашпозчу, шопур, жансакчы министр болду. Мен атын айтпай эле коёюн, бир министр бар, кличкасы “официант-балашка”.

Илгери биздин учурда кадр маселесин партия өз колунда кармайт болчу. Партияда атайын орготдел деген болор эле. Кадрларды институтту бүтүп аткандан баштап каттоого алчу. Мен институтту бүтүп атканда үч эле бада “почта ящигине” жолдомо алдык. Ал кезде мен “почта ящиги” эмне экенин түшүнбөйт да элем. Көрсө, жашыруун аскердик комплекс экен. Болбой койгом. “Атам согушка катышкан киши, экинчи топтогу майып, аларга жардам беришим керек« деп Кара-Көлгө ГЭСке кетип калгам. Азыр “иш башкармалыгы” деген бар. Ал тейлөөчү гана кызматты аткарышы керек. Мисалы, кабинеттерди ремонт жасатып, конок келсе тосуп алып, узатып дегендей. Бирок, Атамбаев президенттикке келгенден баштап, ким иш башкармалыгында иштесе, ошолор чоңойчу болду. Ал практика азыр да кала элек.

Үчүнчү жагдай, бизде конституциялык реформа кылганда чоң саясый ката кетиришкен. «Шайлоодо утуп келген партиялар өкмөттү курайт” деп койгон. Элдин добушун сатып алгандар парламентке келип, бөкөөл болуп атышат. Өкмөт деген коллегиялдык орган да. Ал бир бүтүн организм катары иштеши керек. Биздин өкмөттө болсо шарттуу кылып айтканда, сиздин өкүлүңүз отурат, менин өкүлүм отурат. Анан алар кантип чечим кабыл алат? Себеби, ким мени сунуштаса, ошонун кызыкчылыгын көздөшүм керек. Эгер антпесем, партия эртең эле мени кайра чакырып алат. Алар экономиканы кантип көтөрөт, бири ашпозчу, бири кампачы болсо? Бир кездеги катчы өкмөткө барып алып, кантип мамлекеттин саясатын жүргүзөт? Мындай өкмөт натыйжалуу иштей албайт. Анын өкмөт деген гана аты бар. Формасы өкмөт, маңызы өкмөт эмес. Бул кландардын эле чогундусу. Тажикстанда жарандык согуш болгондо, бийлик тынчтыкка жетиш үчүн оппозиция менен сүйлөшүп, талаа командирлерин өкмөткө кызматка тартууга аргасыз болгон. Биздики деле азыр ошол сыяктуу болуп атпайбы. “Талаа командири” деп айтууга болбойт, себеби “партия” деген чүмбөт жамынып алган. Союз убагында эч качан жеке кызыкчылыкты астыга коюуга мүмкүн эмес болчу. Мамлекеттин, коомчулуктун кызыкчылыгы биринчи орунда турчу. Азыр болсо баары жеке кызыкчылыктан башталат. Мамлекет башына келген адам жеке кызыкчылыгын коё албайт, ал эми калгандар болсо бүт эле жеке кызыкчылык болуп ататда. Парламент жалаң жеке кызыкчылык, өкмөт жалаң жеке кызыкчылык. Мүмкүнчүлүгүн пайдалангысы келет. Ушуну жоё турган системаны такыр кура албай жатабыз.

– Бирок, өнүккөн өлкөлөрдүн көбү ушундай система менен сопсонун эле иштеп жатышпайбы?

– Мен абдан сонун өнүгүп жаткан Малайзияда беш жыл иштедим. Түркияда да беш жылдай иштеп келдим. Малайзия Англияга колония болуп жүрүп, ошолордун системасын алышкан экен. Ал жерде шайлоодон утуп келген партия бийликти колуна алат. Өкмөтте жоопкерчилик да чоң, бийлик да чоң. Ал эми король болсо чет элдик дипломаттардын ишеним грамоталарын кабыл алып, формалдуу түрдө башкы командачы болуп эсептелип, протоколдук гана милдетти аткарат. Бирок, өкмөттүн ишине, кадр саясатына кийлигишүүгө эч укугу жок. Ошондо бүт жоопкерчилик өкмөткө түшүп калып атпайбы. Эгер ал жакшы иштебесе, кийинки шайлоодо өтпөй калат. Ошондуктан, айла жок иштейт. Башкача айтканда, системанын өзү аны иштөөгө аргасыз кылат. Бизде болсо президент езүнчө шайланып келет, депутаттар өзүнчө шайланып келет. Анан депутаттар сунуштаган өкмөт мүчөлөрүн президент бекитип коёт. Жоопкерчилик баары бир президентте. Өкмөт президентке шылтайт. Мисалы, жакында эле чек ара, Солтон-Сары кени боюнча чыр-чатактар чыкты. Кой-Таш окуясы болду. Бирок, алардын эч бирине өкмөттүн тийешеси жоктой. Үн чыгарап койгон жок да. Баардык жерде эле президентти карашат.

Эми Түркияны алалы. Акыркы конституциялык өзгөртүүлөргө чейин ал жерде деле так ошондой система болчу. Президентти эл эмес, парламент шайлачу мен барганда Абдуллах Гүл тышкы иштер министри эле. Анан мурдагы президенттин мөөнөтү бүткөн соң ал президенттикке шайланды. Азыр эми президент күчтөндү. Бирок, алардын иши баары бир жаман болбойт деп турам. Себеп дегнде, өкмөттүн милдетин да президент аткарат.

– Кийинки парламенттик шайлоодо кайсы партиялардын өткөнгө шансы көбүрөөк деп ойлойсуз?

– Азыркы кырдаалда “бул же тигил партиянын шансы көп” деп так кесе айтыш кыйын. Азыркы парламентте отургандардан менен оюмча, КСДПнын шансы жок. Эң шансы кебү “Республика” партиясы.

– Эмне үчүн?

– Себеп дегенде, “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов сыртта жүрүп кайра келди. Анын кайтып келгенин мен мындай түшүндүм: Бабанов өткөн президенттик шайлоого катышканда аны Назарбаев кабыл алган. Ошондон чыр чыгып, Атамбаев жамандап отуруп, ошондон улам кеткен да, туурабы? Менин угушума караганда, Назарбаевден кийин аны Москвадагы таасирлүү кишилер да кабыл алышмакчы болгон экен. Бирок, Атамбаев тигинтип чыр салгандан кийин Москвадагылар да токтоп калышыптыр. Ушундан улам мен ойлонуп атам, алар дагы эле Бабановду эсептен чыгарыша элек. Кой-Таштагы окуядан кийин анын керектиги дагы күчөдү. Азыр аны суракка алышат, башка кылат, бирок, камашпайт. Эгер камачу болсо, эки жолку сурактан кийин эле эки айга киргизип коюшмак. Ошентип, ана-мына дегиче эмдиги жылы парламенттик шайлоо кирип келет. Кээ бирөөлөр жактырабы-жактырбайбы, “Республика” партиясы парламентке келет. Биринчи болбосо да экинчи болуп өтөт. Себеби, буларда ресурс чоң.

– КСДП ичтен ыдырап калган соң «бийлик жаңы бир партияны түзүшү мүмкүн” деген божомолдор айтылып жатат. Ошондой болушу мүмкүнбү?

– Бул божомол эмес, ачуу чындык. Эгер Сооронбай Жээнбеков “президент катары таасирдүү бийлик жүргүзөм” дечү болсо, парламентте өзүнүн партиясы болушу керек. Ансыз жөн эле “Англия королевасы” болуп калбайбы. Мен ойлойм, Жээнбеков жөн эле президент болуп калган жок. Ал бул орунду өзүнүн маңдай тери менен тапкан адам. Себеби, КСДПнын Оштон колдоосу күчтүү болду. Колдоону болсо жалаң Жээнбековдор алып беришти. 20 жыл КСДПны саясый аренада кармап турган ушулар болду. Ош эле колдобой койсо, КСДП эчак жыдып калмак. Эми КСДП тигинтип ич ара ыдырап аткандан кийин президентке идеялаш кишилер жаңы партияга баш кошушу толук ыктымал.

– Анда шайлоонун алдында “Кыргызстан” сыяктуу жаңы партия пайда болуп калат турбайбы?

– “Кыргызстандын” таржымалы бир аз башкачараак. Атамбаев Бабановдун партиясына уттуруп ийерине көзү жеткенде “Республиканын” депутаттарын чакырып алып, аларга депутаттык орундарды убада кылып, “партияны үчкө бөлсөм Бабанов көп добуш алалбай калат” деген ой менен жасаган. Бирок, идеялаш деген баары бир идеялаш турбайбы. Бабанов президенттикке койгондо “Өнүгүү-Прогресс” деле, әКыргызстан” деле ага ыктап кетпедиби.

Эмки шыйлоодо “Кыргызстан” партиясында да шанс болушу мүмкүн. Себеби, анын лидери саясый куугунтукка дуушар болду. “Төңкөрүш жасамакчы болгон” деген жалган жалаа менен камакка отуруп чыкты. Менин байкашыма караганда, партиянын ичинде ага симпатиясы күч кишилер көп экен. Камалгандан кийин аны партиядан чыгаруута да аракеттер болду, Атамбаев катуу киришип, фракция лидерин алмаштырды. Бирок, партиядагылар өз лидерине кыянаттыкка барышкан жок. Коомчулук да колдогон. Канат Исаевди кыйын кезеңде, коркунучтуу учурда колдогон адамдардын катары калыңдады…

Анан азыр “Замандаш” партиясы тууралуу да көп сөздар айтылууда. Бул башынан эле Россиядагы мигранттардын атынан түзүлгөн партия. Атамбаев бийликте турганда мигранттар шайлоого көп таасир эте албасы үчүн “консулдук каттоодо тургандар гана катыша алат, каалоочулар Кыргызстанга келип катышсын” деп (миллиондогон киши келе албайт да) “Замандаштын” колдоочуларын азайтып койгон. Азыр эми жаңы сунушталып жаткан шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарда мигранттардын шайлоого катышуу укуктары кеңейтилген. Демек, «Замандаштын” да шансы өсөт.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *