Мамбетжунус Абылов, экс-министр: “Президент Акаев менен премьер-министр Насирдин Исановдун “Кумтөр” боюнча тирешинин эмнеден башталып, эмнеден бүткөнүнө күбөмүн”

-Эмне үчүн Сиз бүгүн Президент  Сооронбай  Жээнбековду колдоп жатасыз?
Мунун төрт себеби бар.
Биринчиден, С. Жээнбеков бийликке келгенде, Атамбаевке көз каранды болуп иштейтко деп мен да, сиз да, эл да кооптонгон. С. Жээнбеков ага кол бала болуп иштебей турганын бүгүн мен деле, сиз деле, эл деле  көрүп турат.
Экинчиден, өлкөнү коррупциядан тазалайм деп айтып эле койбой, ал өзүнүн убадасын ишке ашыра баштаганын бүгүн мен деле, сиз деле, эл деле  көрүп турат.
Үчүнчүдөн, ар кандай ыкмалар менен, бийликти Акаев – Масалиевтен, Бакиев – Акаевтен, Отунбаева менен Атамбаев – Бакиевтен тартып алышканын эл билет. Алардай болуп, Жээнбеков эч кимден бийлик тартып алган жок. Эл шайлаган биринчи Президент катары ал шайланган мөөнөттө толук иштешин мен деле, Сиз деле, эл деле каалайт.
Төртүнчүдөн, Акаев менен Бакиевтей болуп өлкөдөн качпай, Атамбаевтей болуп камалбай, иштешине көмөктөш бололу деген менде деле, сизде деле, элде деле ниет бар.
Бирок С. Жээнбековту колдоо деген, аны жактоо же мактоо эмес. Ал көңүл бура албай жаткан элдин көйгөйлүү маселелерин же ал өз ишинде кетирип жаткан айрым калпыстыктарын жашырбай айтып туруу, мисалы, менин ага болгон колдоомдун өзөгүн түзөт.
-Сиздин пикирлериңиз ага жагабы же жокпу? 
Бул тууралуу ишенимдүү эчтеке деп айта албайм. Менин айткандарымдын баарын «көңүл бур» деген акцент менен коштогондуктан,  менин пикирлеримди, сунуштарымды ал окуйт деп ойлойм.  Анткени бийликке жага бербеген  сөздү ачык айткан биздин өлкөдө менден башка тажырыйбага бай мамлекеттик  ишмерлер бүгүн жок болуп калды.
-Эмне үчүн ?
-Тажырыйбалуу мамлекттик ишмерлер толуп жатат. Бирок бийликти сындаш үчүн,  «сынчынын өзүнүн сыңар өтүгү майрык» болбошу керек. Ушуга келгенде  менин алардан айрымам бар.
-Ачыктап бере аласызбы?
-Макул. Эгемендүү өлкөнүн туңгуч Премьер Министири Насирдин Исанов менин кесиптешим да, коллегам да, жетекчим да болгон. Ал таза иштегендиги жагынан Султан Ибраимовтун, Апсамат Масалиевтин катарында турган адам катары элде бааланчу. Кийин ал өкмөттү, мен курулуш тармагын(Минстрой) жетектеп калдым. Алтын иргеген Макмал фабрикасын куруп бүтүп эми Кумтөр алтын кенине өтөлү  деп жатканда Бриштейн деген шылуун бизде пайда болду. Исанов анын сунушун четке какканда, ал ага каршы Акаевти тукуруп койуптур. Бир күнү «Алтындан да кымбат «кызыл ртуть» деген баалуу зат биздин өлкөдөн уурулук жол менен чыгып жатат деп, Акаев парламенттин жыйынында өкмөттү айыптап чыкты.  Эки күндөн кийин «кызыл ртуть» деген зат бизде эле эмес жаратылышта да жок деп Н. Исанов «Слово Кыргызстан» деген  гезит аркалуу Акаевге жооп узатты. Анан мени чакырып, Мамбетжунус, булар жаман жолго түштү. Менден кынык таба алышпайт, сен да кыныксыз бол деди. Ушундан көп узабай Исанов авариядан каза таап, Бирштейн Кумтордү алып тынды. Мен жетектеген курулуш тармагында менчиктештирүү башталганда, Исановтун айтканын эстеп, мен башкарган мамлекттин бир мекемесин, же бир мүлкүн, же бир чарчы жерин, же бир мыгын да сатып алган жокмун.  Ошондуктан алдымда бүгүн зымыраган машина,  үстүмдө заңгыраган үй,  чөнтөгүмдө калың капчык жок болгондуктан, жашоодогу  ачуу чындыкты бийликтен коркпой айтып да, жазып да жүрөм. Ал эми ошол мезгилде мүлккө, байлыкка аябай маарыган госчиновниктер мындайга бара алышпайт. Кулкумунун айынан алар «сыңар өтүгүн» майрыйтып алышкан. Ушул айрымам.
-Айтыңызчы, С. Жээнбеков бүгүн эмнеге көңүл бурушу керек?
-Бул маанилүү суроо.  Бүгүн бизде «байлар», «кедейлер» деп эл эки катмарга бөлүнүп, байлар «бейиш», кедейлер «тозок» эле жашоону башынан кечирип жатат. Тозок эмей эмне, иштейин десе өлкөдө кедейлерге иш орун жок. Кийинеийн, ичинеийн, балдарын окутайын десе кедейлердин чөнтөгүндө каражаты жок. Сатайын десе кедейлердин колунда малы, мүлкү жок. Процент менен күрөөгө насыя алган алардын акчасы араң эле күнүмдүк оокатына жетет. Ошондуктан насыя процентери өсүп, аларды карыз басып, күрөөгө койгон мүлктөрүнөн, граждандык паспорторунан ажырап, чыдай албай калгандары өз жанына кол салганга чейин барып жатышат. С. Жээнбеков ушул тозоктон элди куткарышка аракет кылыш керек.
-Кантип?
-Кедейлер менен байлардын ортосундагы ажырым күн сайын чоңойуп, өлкөдө социалдык эле эмес, саясый да ажырым жаралып калды. Ошондуктан бийлик(парламент, өкмөт, жергиликтүү бийлик) байлардын гана энчисине айланып, «оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн» деген доордо биз жашап калдык. «Ач кадырын ток билбейт» деген чын экен. Бийликти энчисине айлантып алышкан биздин бай уулдар, карапайым элдин  көйгөйлүү маселелерин парламентте козгоп да койушкан жок. Ошондуктан жаңы шайлана турган парламенттин курамына кедейлердин таламын талашкан  кандайдыр бир саясый топтун кириши зарыл болуп турат. Буга Президент С. Жээнбеков жеке өзү кам көрбөсө, бул ишке ашпай турган маселе болуп турат.
-Шайлоого Президенттин киришкени мыйзам бузуу болуп калбайбы?
-Кыргызда «Ооруну жашырсаң,   өлүм ашкерелейт» деген сөз бар. Канчалык жашырсаң деле, парламенттин курамына кирүүнү бүгүн саясый атаандаштык эмес, каражаттын калыңдыгы менен Президенттин колдоосу чечип жатканын эл көрүп эле турат да. Мисалы, байлардын бир да партиясы, Президенттин батасын албай, шайлоодо жеңишке жетпейт. Бул бизде эле эмес, эски совет өлкөлөрдүн баарында орун алган өнөкөт. Мунун эмнесин элден жашырабыз. Элде социалдык жана саясый ажырым күчөп, бирин «бейиш», бирин «тозок» каптап жатканда, элге кызмат кылам деген Президент тозоктогуларга колдоо көрсөтпөсө, айтыңызчы, аларга башка ким колдоо көрсөтөт? Элдин көйгөйлүү маселелерин  көтөргөн саясый бир топтун парламентке кирип калышына Президент С. Жээнбеков кам көрбөсө, өлкөдө таптык күрөш(классовая борьба) тутанганы турат. Мыйзамсыз байыгандардын мүлктөрүн, байлыктарын он миң киши менен барып тартып алабыз деген чакырык,  буга далил эмей эмне? Парламент «байлардан», өкмөт «шалдардан» турганда, элдин жашоосу оңолбойт. Ошондуктан байлардын клубуна айланып калган биздин парламентти С. Жээнбеков элдин көйгөйүн көтөргөн жана чечкен  касиетүү борборго айлантышы керек. Шайланганга чейин «элге кызмат кылам деп», шайлангандан кийин «мыйзам жол бербейт экен деп» байлардын партиясына бата берип  шапар тепкен Президенттер кандай тагдырга дуушар болгонун С. Жээнбеков унутпашы керек.
-Сиздин кооптонуңузга Президент көңүл  бурар бекен?
-Бул тууралуу ишенимдүү эч нерсе айта албайм.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *