Мамэкотехинспекцияда одоно мыйзам бузуулар болду

Мамэкотехинспекциянын Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспекторлору Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы кен казуучу ЖЧКсын мыйзамсыз текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Анара Мамбеталиева билдирди.

Маалыматка караганда, Шамалды-Сайдагы кен казуучу компанияны Экологиялык башкармалыктын инспекторлору тоголок арыздын негизинде текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгында инспекторлордун текшерүүлөрү одоно мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөндүгү регионалдык башкармалык тарабынан аныкталган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында Мамэкотехинспекцияга келген арыздын ээси арыз менен кайрылбагандыгын билдирген (тийиштуу документтер мыйзамсыз болуп чыккан). Экологиялык башкармалык мамлекеттик текшерүүдө чоң катачылык кетирип, мыйзам бузгандыгы бүгүнкү күндө дисциплинардык комиссия тарабынан каралып жаткандыгын директор Джолдош Джунушев билдирди.

Директордун айтымында, учурда аталган мекенин борбордук аппаратындагы бир катар инспекторлордун кызмат орду каралып жатат. Себеби Мамэкотехинспекция тарабынан болгон мыйзамсыз текшерүүнүн натыйжасында коомчулуктун инспекцияга болгон ишеними жоголушу мүмкүн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *