Мамлекетти 30 жылдан бери тоногон чиновниктерди “кустура” алабызбы?

Өлкө президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, мамлекеттин байлыгын менчиктештирип, коррупциялык иштерге аралашкан чиновниктерге кайрылды. Алар сыйы менен жеп-ичкендерин казынага кайтарышпаса, катуу жазалоо болорун да эскертти. Бул демилге ишке ашабы?» деген собол таштадык. Маселе бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп турат.

Турат Акимов, саясый талдоочу:

– Эми буга кошуп туруп, 2-3 кишини реалдуу түрдө катуу кодолоп койсо, маселе ишке ашып калышы мүмкүн. Бирок, бул жерде катуу жазалоо керек. Ходорковскийдей процесстер керек, ошондо эл ишенет. Эгер муну Садыр бир гана пиар катары айтып койсо, анда ишеничтен чыгып, өзү шерменде болуп калат. Аныкталган коррупционерлерди катуу жоопко тартуу абзел. Үч-төрт адамды мисал катары, үлгү катары жүргүзүп кетсе, ишенич пайда болот. Мына ушундай учурда уялгандан болбосо да, корккондон акчасын төгүп, жеп-ичкенинен кутулушка, эптеп-септеп «кусушка» көп эле кишилер аракетин кылышат. Анткени, учурда доор алмашып турган кез. Азыр жаштар бийликке келе баштайт. Эски ууру-кескилерге кечирим жок болот. Бул процесстин баары люстрация, тазалануу жана «Чоң казат» айткандай, 30 жылдык приватизациянын адилеттүүлүк тыянагын чыгаруу кажет. «Акаевден кийин туулдум» же «Бакиевден кийин туулдум» деп биздин келечек муун жылаңач калбаш керек. «Бактыбыз, элибиз, жерибиз жок» деп калып калуу кыргыздын түпкүлүктүү элине жарашпайт. Ошон үчүн мунун баары боло турган иш. Болгону аны иш жүзүнө ашыруу гана калды. Эгерде зор аткарса, баардыгы болот. Кайсы бир себептер менен ой-чабыт башка жакка кетип калса, анда бул бийлик менен демилгелүү маселе ишке ашпай калышы мүмкүн. Бирок, кийинки бийликтер буга албетте барат. Анткени, тышкы карыздарды жапканга каражат табыштын жолу жок калган. Кыргызстан түбөлүк уурулук, коррупциялык мамлекетке айланып, бизге келечекте келүүчү жардамдан да көп аксап калабыз. Андыктан, өз напсибизди өзүбүз тыйбасак, тартипке салбасак, адилеттүүлүктү орнотпосок, мамлекетибиз ыдырап кетиши мүмкүн!

Кубан Чороев, экономика эксперти:

– Кыргыз мамлекетинин практикасында мындай маселе буга чейин болгон эмес. Ошондуктан азыркы күндө бул демилге канчалык негизде өз натыйжасын берерин айтуу кыйын. Бирок, биздин жаңы кылмыш-жаза кодексинде ушундай жолдорго негиз бар. Бул Американын, Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбаларында колдонуп келет. Ушуга катар КМШ мамлекеттеринин ичинен мындай тажрыйба Грузияда да болсо керек. Чынын айтканда, биздин кьшмыш-жаза кодексин реформа кылып атканда гуманизацияга жол издеп, ушундай ыкмаларга кандайдыр бир негиз берүү туура. Мен ойлойм, муну дагы көрсө болот. Мындан мамлекет, коомубуз пайда тапса керек. Албетте, кылмыш жообуна тартылып аткандар ушундай төлөмдөрдү жасап, мамлекетке келтирген зыянды ордуна койсо, аларга да жеңил жол болот. Экинчи жактан, өлкөбүзгө да пайдасы көбүрөөк тиймек. Демек, биз карап көрүшүбүз керек, мүмкүн жакшы натыйжасын берет.

Арзыбек Кожошев, экс-экономика министри:

– Мындай практика дүйнө жүзүнүн кээ бир мамлекеттеринде болгон. Алсак, Малайзия мамлекетине мындан 4-5 жыл мурун премьер-министрлик орунга токсондон ашкан Махатхир Мохамад аксакал келип, ал дагы ошол «жеп-ичкендерге» ушундайча кайрылган. «Жеп-ичкен акчаңарды кайтарып койгула, койбосоңор, аңда катуу жазаңарды көрөсүңөр!» дегенден кийин 2-3 айдын ичинде 50 млрд. доллар топтолгон. Ал жакта шарты кандай болгонун билбейбиз, ал эми бизде айтылган менен ишке ашышы өтө спецификалуу нерсе. Себеби, конкреттүү түрдө кимдерге кайрылды? Асановгобу, Үсөновгобу? Ушундай да. Ошолор өздөрүн билиши керек. Эгерде тизмеси бар болсо, ал кандай таризде түзүлгөн? Бул жагы көп суроо туудурат. Бирок, муну ошол тизмени алып туруп, «Баланчаев, Түкүнчөев, силердин чогулткан байлыгыңардын изин таптык» десе, анда башка маселе болушу мүмкүн. Анткен менен ар бир адамдын жеке менчиги, кол тийбес кепилдиги бар. Ошон үчүн айтылгандан кийин кандайдыр бир механизмдерин иштеп чыгуу кажет. Ал механизмдер кандай натыйжа берип баштайт? Мына ошондон кийин гана коомчулук өз баасын берет деген ойдомун.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *