Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция иши боюнча Ала-ТВнын Стратегия жана өнүгүү боюнча директору кармалды

Бишкекте Ала-ТВнын Стратегия жана өнүгүү боюнча директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда жергиликтүү ЖМКлардын бири жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Компаниянын директорунун орун басары Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жатат.

Маалыматтар боюнча, аталган кылмыш иши боюнча жалпысынан 5 адам кармалган. Алар: КР Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова, анын орун басары Замирбек Мамбеталиев, УКМКнын эки кызматкери жана Ala-TV компаниясынын жетекчинин орун басары.

Белгилей кетсек, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча кылмыш ишин териштирүүдө. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Наталья Черногубова кармалып, УКМКнын абагына камалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузган. Мындан улам мамлекетке зыян келтирилген. Кийинчерээк, тергөө ишинин алкагында УКМКнын эки кызматкери да кармалган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *