Мамлекеттик кызматтардын кызматкерлери азыркы жагдайга байланыштуу үйлөрүндө иштешет

Мамлекеттик кызматкерлерге азыркы кырдаалга байланыштуу үйүндө иштөөгө шарт түзүлөт. Бул тууралуу 24-мартта брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  билдирди.

“Биз мамлекеттик кызматкерлерди үйүндө иштөөгө шарт түзүүнү штабдан чечим кылып, ошону мамлекеттик органдардын башчыларына сунуштап жатабыз. Республиканын баардык жеринде кайсы бир министрлик же мамлекеттик органдын кызматы керек болуп иштеп жатса ал жердеги кызматкерлерди максималдуу түрдө кыскартып, көпчүлүгүн үйүнөн иштей тургандай кылып жатабыз. Ал эми айлык маянасы толук түрдө төлөнөт”,- деди Боронов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *