Мамлекеттик салык кызматы 1 ай ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 1000ден ашык жаранга айып салды

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 405 рейддик иш-чарага чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 1,7 миллион сом өлчөмүндө 1031 субьектке административдик айып салынган. Анын ичинен 1,4 миллион сому бюджетке өндүрүлдү.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет.

Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 4-сентябрда аяктаган.

Мындай рейддик иш-чаралар уланаарын белгилеп кетмекчибиз.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *