Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 125 кылмыш иши козголуп, 43 млн. сом “пайда табылды”

Үстүбүздөгү 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сатып алууларга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 125 кылмыш ишин козгогондугу жана анын натыйжасында мамлекеттик казынага 43 миллион сомдон ашык каражат кайтарылгандыгы белгилүү болду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын кечээ, 18-декабрда өткөн координациялык жыйынында айтылды.

Эске салсак, буга чейинки атайын иликтөөлөр Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуу тармагында мыйзам бузуулар арбын экендигин, элестүү айтканда, бул тармак коррупциянын эң башкы булагы болуп калгандыгын айгинелеп келаткан болчу.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *