“Мамлекеттик тил жана адабият: ыйман, адеп жана маданияттын табыгый булагы”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Президентинин Жарлыгына ылайык 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Эл аралык эне тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил жана адабият: ыйман, адеп жана маданияттын табыгый булагы” аттуу  республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Конференцияда пленардык жыйын жана төмөнкүдөй секциялар иштейт:

1-секция. Мамлекеттик тилди окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо

2-секция. Адабият адептүүлүктүн, ыймандын жана маданияттын өзөктүү каражаты

3-секция. Терминология жана котормонун түйүндүү маселелери

4-секция. Көп тилдүү билим берүүнүн көйгөйлүү маселелери жана келечеги

Макалаларды сунуштоо тартиби:

  1. Макаланын көлөмү 4-8 беттен туруусу керек.
  2. Кагаздын форматы – А4, шрифт – Times New Roman, шрифттин өлчөмү – 14, сап аралык интервал – 1,5; беттин узун-туурасы: сол жагынан – 3 см, оң жагынан 1,5 см, астынан жана үстүнөн – 2 см, абзац – стандартка ылайык.
  3. Автордун (же авторлордун) аты-жөнү жазылып, иштеген жери, кызматы e-mail дареги көрсөтүлөт. Автор тууралуу маалыматты кыргыз, орус тилдеринде берүү сунушталат.
  4. Макаланын темасы кара шрифт менен ортолонуп, кыргыз, орус тилдеринде болушу керек.
  5. Макалага аннотация кыргыз, орус тилдеринде 600гө чейинки белгиден туруп, бир абзацтан ашпоосу зарыл. Макаланын эки тилдеги ачкыч сөздөрү 7-9 сөздөн ашпоого тийиш.
  6. Шилтемелер чарчы кашаа түрүндө көрсөтүлөт. [1].
  7. Пайдаланылган адабияттардын тизмеси макаланын аягында алфавит тартибинде тизмеленет.

Макалалар 2017-жылдын 17-февралына чейин кабыл алынат. Аларды төмөнкү дарекке жөнөтүү керек.

Е-mail: [email protected]  (996 312 31 57 73, 996 551 99 65 18) Электрондук кат жазууда почтанын “Тема” деген бөлүгүнө “Ыйман, адеп маданият жылына карата конференцияга_баяндамачынын аты-жөнү аты-жөнү” жазылуусу керек. Конференциянын материалдары басылып чыгат, катышуучулардын чыгымы жиберген тараптан каржыланат.

Өтүүчү жайы: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң азем залы.

Башталышы: 2017-жылдын 21-февралы саат 10.00

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *