Мамлекеттүүлүк башатындагы өрнөктүү инсан. Абдыкадыр Орозбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата

Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстандын мамлекет болуп түзүлүшүнө жана калыптанышына кыргыз элинин бүткүл советтик өлкөлөр менен бирге социалисттик коомду куруу ишине катышуусуна, анын басмачылар менен күрөшүү, жер реформасын ишке ашыруу, колхоздоштуруу, райондорду түзүү, айыл чарбасын, өнөр жайын өнүктүрүү, сабатсыздыкты жоюу, мамлекеттик түзүлүштү чыңдоо ж.б. уюштуруу, чарбалык иштерине тикеден-тике салым кошту, анын башында турду. Кыргыз автономиялуу областын түзгөндө кошуна өлкөлөр менен чек араларды тактоодо, айылдарды, райондорду бөлүштүрүүдө өтө чоң эмгек жасады. Автономиялуу областы автономиялуу республикага, аны союздук республикага айландыруу мезгили А. Орозбековдун жетекчилигине туш келди.

Кыргыз Республикасынын Коомдук-саясий Борбордук мамлекеттик архивинде Абдыкадыр Орозбековго тиешелүү эки иш кагаз сакталуу. Өтө баалуу, саргайган барактардагы өздүк иш кагаздарды өтө этият барактап, көз жүгүртсөк улуу инсандын бейнесинен маалымат алабыз.

Кадрлар боюнча өздүк барак 1936-жылы 10-ноябрда толтурулган. Тыбыштык өзгөрүүлөрбү же орусташтыруу саясатыбы ошол мезгилде эле Уразбеков Абдыкадыр деп бардык графалар орус тилинде сыя менен жазылган. Бул кенен жазылган өздүк иш кагазынан анын ишмердүүлүгүнөн маалымат алабыз. Анын ичинен бүгүн 30 жылдык мааракесин белгилеп жаткан мамлекеттик тилге кызмат кылганынан кабар алсак. Төмөндөгүчө жазган:

«Жаңы Кыргыз алфавитинин Өнөктөштүк боюнча иши деген графада 1926-жылдан азыркы учурга чейин жаңы кыргыз алфавитинин борборунун төрагасы болгон Борбордук комитетинин төрагасы болуу менен бирге мен жаңы алфавитти түзүү, басма ишин рационалдуу уюштуруу, иш кагаздарын жүргүзүү, окутуунун усулдарын иштеп чыгуу, кыска мөөнөттүү окууларды уюштуруу, жалпы эл массасын окууга тартуу, кыргыз тилин окутуу ж.б. маселелерди чечүүгө жетекчилик кылгамын».

Ошондой эле өздүк иш кагазында үй-бүлөлүү, үй-бүлө мүчөлөрү 6 жан. Фрунзе шаарынын Карл Маркс көчөсүндө №57 үйдө жашайт деп дареги жазылган. (А.Орозбековдун өздүк делосу. БМА.КРСД.Ф.10. Оп. 15. Д.2801.Б. 1-16,32-41.Түп нуска.)

Абдыкадыр Орозбеков дагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн белгилүү кыргыз уулдары менен бирге эле «эл душманы» аталып 1937-жылы репрессияга кабылып атылган. «Ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи, Совет доору аяктаар мезгилинде акталган.

Абдыкадыр Орозбековдун бүткүл өмүрү, ишмердүүлүгү Улуу Октябрь Революциясы жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү, түптөлүшү, калыптанышы менен тыгыз байланышкан. Анткени ал Фергана өрөөнүндөгү бардык революциялык кыймылдарга, эң негизгиси Маргилан, Фергана, Ош шаарындагы кедей-кембагалдар арасында, т.а., бардык окуялардын чордонунда болуп, анын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, казанында кайнап, такшалып, курчуп чыкты. Өзүнүн бардык күчүн, тажрыйбасын, бүт өмүрүн революциялык ишке жумшады, өлкөбүздүн булуң-бурчтарына чейин ат менен, араба менен, душмандардын курчоосунда калгандыгына карабастан, кара жанын канжыгасына байлап коюп барды. Өзүнүн атайын билими болбогондугуна карабастан, жаңы социалисттик коомду куруу ишине баш-оту менен берилип иштеди. Карапайым калк арасында, коомчулукта өзүнүн калыстыгы, келечекти көрө билгендиги менен элди ишендирмек тургай, аларды шыктандырып да турду. Кыргыз, өзбек, тажик аралаш жашашкан аймактардагы улуттук маселелерге калыстык мамиле жасады, ферганалык өзбектердин, үч-коргондук тажиктердин арасында чоң абройго ээ болду. Үч-Коргон району, андагы кыштак, колхоз Орозбековдун атын алышкан.

Анаржан Айткулова, Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий борбордук мамлекеттик архивинин архивисти

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *