“Манас” аэропортунда жасалма паспорт менен Стамбулга учууга камынган жаран кармалды

17-апрель күнү “Манас” аэропортунан жасалма паспорт менен учууга камынган жаран колго түштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда “Бишкек-Стамбул” каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү каттоо учурунда колго түшкөн адамдын паспорту жасалма экени билинген. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, ал жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *