«Манас» аэропортундагы машинанын багажынан өлүгү табылган адамдын эгизи барбы?

Манас» аэропортундагы машина токтоочу жайынан дайынсыз жоголуп кеткен 39 жаштагы К.Хнын сөөгү машинанын багажынан табылганы тууралуу ОИИББ кечээ, 24-октябрда  билдирген.

Бирок, ал ким экени, эмне менен алектенгени айтылган эмес. Бүгүн, 25-октябрда айрым маалымат булактары маркум К.Хнын Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Совхоз айылында жашаган уйгур экенин, эгиздин түгөйү болгонун, ал аны менен чогуу бизнес менен алектенгенин, Түркияга акча ташыганын жазып чыгышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *