Манас ажы Осмон: “Ажылык сапарга аттанып жаткан ар бир мусулман өз мекенине $50 салык төлөш керек”

Мамлекет мага эмне кылды дебей, мен мамлекетке эмне кылдым дешибиз керек” – деген бир акылмандын сөзү бар эле. Ушул учкул сөздөн улам баарыбыз жапа тырмак киришип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуубуз керек. Бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир тармагы боюнча жаңыча ой жүгүртүп, жаңы сунуштар боюнча иш алып баруу зарылчылыгы бар. Мисалы, дин тармагын көзөмөлдөө, ажылык мезгилиндеги баш аламандыкты жөнгө салуу да, бүгүнкү күндүн көйгөйү.

Сауд Арабия ар бир ажыдан тиешелүү салыгын алат. Бул көрүнүш кичи ажылык (умра) учуруна да тиешелүү. Эми, ушул сыяктуу эле биздин мусулмандар да, ажылык сапарына аттанып атып, өз мекенине $50 кошумча салык төлөшсө, мекенин колдоп, кубаттоо катары кабыл алынмак. Пайгамбарыбыздын, “мекенди сүйүү ыймандан” деген хадисине да, төп келмек.

Чынында, бул каражат “Ыйман Фонду” үчүн эбегейсиз чоң каражат болмок. “Ыйман Фонду” Түрк Кыргыз мамлекеттери биргелешип түзгөн фонд. Бул фонддон молдокелердин айлык акылары, мечиттердин чыгымдары каржыланат. Жетим жесирлерге жардам берүү жагы да, ушул фондго жүктөлгөн. Бирок, айрым саясий маселелерден улам Түркия “Ыйман Фонду” үчүн убадалаган каражатын бөлбөй келет. Эгер ушул сунуш ишке ашып калса, Анкарадан акча сурай бербей, эч болбосо, мечиттердин чыгымы менен молдокелердин айлык акысын ушул каражат жапмак.

Манас ажы Осмон

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *