“Манас жана Айтматов” академиясын Топчуке менен Элдар гүлдөтө албайт

Өкмөт башчы Топчубек Тургуналиевди жаңы түзүлгөн «Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин президенти кылып дайындады. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов анын орун басары болуп дайындалды. Белгилүү болгондой бул академияны түзүүнү Жээнбеков демилгелеген. Ошондон бери, И. Арабаев атындагы окуу жайда “Манас” институтун негиздеп, жетектеп келген Топчукеңдин түн уйкусу качып, бул академияга президент болуп калууга буту үзүлгөнчө чуркады. Ал тургай, өкмөткө академияга 70-80ге жакын кызматкер жана ондогон миллион бюджет сурап, көрсөтмө берип турду. Өкмөт Топчукеңдин айтканы менен болгон жок, ал сураган кызматкерлер менен бюджеттин жарымына жакыны берилерин кыйыткан. Мындан башка да жаңы түзүлгөн дырдай “жылаңач” академияга имарат, кызматтык унаа, эмерек, кеңсе оокаттары, компьютер, айтор ушу сындуу толгон-токой материалдык база керек.

Чынында бийлик туура эмес кылды. Улуттук илимдер академиясында академик Абдылдажан Акаматалиев жетектеген Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту турат, бакыйып. Жаңы академия түзбөй эле ошонун базасын кеңейтип, анчалык өзүнчө кылгылары келсе УИАнын курамынан чыгарып коюшса болмок. Эгер ошондой кылышса, бир топ каражат да үнөмдөлүп, иш дагы эффективдүү болмок. Себеби, аталган институтта көп жылдан бери иштеп, чоң тажрыйба топтогон кызматкерлер бул жаңы түзүлгөн академиянын ишин ойдогудай илгерилетмек.

Жаңы түзүлгөн академия «Манас» эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий-техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү менен алектенет экен. УИАдагы Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту деле мына ушундай иштерди аткарып келген. Анан улам-улам жаңы кызмат ачып, мамлекет каражатын маанисиз коротуунун кереги бар беле? Деги эле, өлө албай жатып биздин өкмөт миллиондогон каражаттардын башын жуткан жаңы кызматтарды ачканды жакшы көрөт. Буга жакында эле ишке ашып, элдин катуу сынына кабылган өкмөткө караштуу болуп түзүлгөн “Кыргыз туризм” ишканасын айталы. Бул ишкананын кереги бар беле? Себеби, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги турат го. Мына ушул аталган министрлик, Кыргызстандагы туризм саясатын жакшы жолго коюп, алгылыктуу иштерди аткарып келген. Ошончолук эле чоңойткулары келсе, министрликке караштуу туризм департаментин кеңейтип, болушунча материалдык-техникалык базасын чындап койсо болот эле го. Жыйынтыктап айтканда, бизде мамлекеттик саясат, мамлекеттик кызматтар бирин-бири кайталап түзүлүп, башаламан иштеп жатат. Аларды бири-бирине кошуп, эффективдүү иштетүүнүн ордуна, бийлик башындагылар тегерегиндегилерге, өзүнө өтө чоң кошомат кылгандарга ушинтип жаңы кызматтарды түзүп, мамлекеттин казынасын ой келди чачканды адат кылып алышты, Же ошол сапатына эмес, санына басым жасалып түзүлгөн мамлекеттик ишкана, департаменттерден өлкөгө чоң пайда болуп жатса бир жөн. Тескерисинче, өлкөнү коко тикенектей эле баскан коррупция ал жаңы түзүлгөн ишканаларга да чоң илдет болуп жабышып жатканы кашкайган чындык. Ананчы, төрөтканадан мүрзөгө чейин гүлдөгөн коррупциянын күчү бир да мекемени соо койбой, ал жердеги алкымы жамандарды өлкө акчасын сол чөнтөктөргө солотуп жатпайбы.

Сөз соңунда Чыңгыз Төрөкуловичтин уулу Эльдар Айтматов тууралуу бир ооз кеп. Бул жигит ааламга аты чыккан алп жазуучу Айтматовго (атасына) түк эле жакындабайт. Жаштайынан орусча өсүп, Европада окуп, ошол мамлекеттердин менталитети менен жашап калды. Атасынын чыгармаларын укмуш билбесе да, өз деңгээлинде билээр. Бирок “Манасты” үстүртөн гана билбесе, кайдан жүрүп терең билсин. Анын үстүнө кыргыздын каада-салтын, тарыхын да жетиштүү биле албайт. Айтматовдун уулу деп эле, маселе-ишти билбесе эле, кызматка коё берген жарайбы? Деги ушул биздин кыргызчылыгыбыз качан калат?

Ал эми Топчукең деле жаңы түзүлгөн бул академияны гүлдөтүп жиберерине ишеним азыраак. Анткени, бул Топчукеңдин да чуулгандуу иштери көп, жеке кызыкчылыктары деле аз эмес. Маселен, илгери БГУну жетектеп турган кезде туура эмес иштеринен улам, абакка олтуруп чыккан. Бакиевдин тушунда оппозицияда болуп, карапайым калктын таламын талашты. 2010-жылдан кийин Токой чарба агенттигин жетектеп, өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө албай, бат эле кызматтан алынган. Ал эми Арабаевге ачып алган “Манас” институтун деле гүлдөтүп жибере албады.

Ушуну менен кепти кыскарта туралы. Калганын убакыт көрсөтөөр…

Урмат Кабылбеков

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *