Манастын тулга ташынын үлгүсү табылды

Кочкор районунун Ийри-Суу аймагындагы Кара-Кол суусунун түндүк капталынан Соң-Көлдөгү Манастын тулга ташынын байыркы үлгүсү табылды. Өткөн жылы (30-июль, 2018-жылы) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин окутуучусу, астроном Абакир Калыбеков, тарых иликтөөчү Кабылбек Жумабаев, Өмүрбек уулу Рахмат болуп Кочкор районундагы Кара-Кол суусунун түндүк капталындагы Ийри-Суу жайлоосунун үстү жагынан Бучуктун белинин тушунан Соң-Көлдөгү тулга ташка окшош байыркы тарыхый жайды таптык. Сегиз таштан тегерек айлана түрүндө коюлган тогуз даана таштар түндүктөн-түштүккө карай багытталган. Астрометриялык ченөөлөрдүн негизинде асман меридианынан 20 градуска саат жебеси боюнча багытталыптыр. Таштардын четинде эки чоң дөбөчө (мүрзө болсо керек) бар.

Соң-Көлдөгү Манастын тулга ташына абдан окшош жайгашкан бул таштар биздин кызыгуубузду туудурду. Ал жерден астроном, окумуштуу Абакир Калыбеков: —«Соң-Көлдөгү Манастын Таш тулгасы жана Ала-баштагы (Ысык-Көл) Кырк Чоронун Ташы байыркы Күн-Ай обсерваториясы экендигин аныктаганбыз. Байыркы обсерваторияларда жүргүзүлгөн ченөөлөрлүн жыйынтыктары так жылсанактарга негиз болгон. Манастын Таш тулгасы 8 таштан турган тогуз тегерек түштүк-түндүк багыты боюнча багытталат. Астрометриялык ченөөлөрдүн негизинде асман меридианынан 18 градуска саат жебеси боюнча багытталып турат . Жердин айлануу огунун прецессия кыймылынын натыйжасында дүйнөнүн огу жана жазгы күн-түн теңелүү чекити жылына 72 жылда 1 градус саат жебеси боюнча чыгышка карай жылгандыктан, 72 х 18 = 1296 жыл болот. Демек, Таш тулга 1300 жыл мурда дүйнөнүн түндүк уюлу турган чекитке багытталып курулган. Тулгалар жайкы күн токтолуу чекитине карай багытка перпендикуляр жайгашып, Күн менен Айдын бир чекитке батышын аныктаган б.а. 19 жылдык Күн-Ай циклин ченөөгө арналган обсерватория деген тыянак чыгарылган. Ал эми бул Кочкор районундагы жаңы табылган Соң-Көлдөгү Манастын тулга ташынан да мурдакы кылымдарда жасалганы көрүнүп турат. Астрометриялык ченөөлөрдүн негизинде асман меридианынан 20 градуска саат жебеси боюнча багытталгандыгы менен Соң-Көлдөгү тулга таштан айырмаланып турат. Бул кеп жаңы ачылыштарды пайда кыла турган Соң-Көлдөгү 7 тулга таштан да байыркы Күн-Ан циклин ченөөгө арналган обсерватория деген пикирдемин» – деди. Жакында эле бул жайда тарыхчы археолог Кубат Таабалдиев, тарых изилдөөчү , Болот Бообек уулу болуп, ченеп сүрөткө тартып кетишти. Эми алар да бул тарыхый жай боюнча өздөрүнүн пикирин айтышмакчы. Ийри-Сууда табылган тарыхый таш эстеликтин ачылыштары али алдыда болсо керек.

Майрамбек Деркенбаев, Кочкор району

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *