
Канулькулов Марат Эдильевич Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы орун басарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүм башчысы Данияр Эркимбаев тааныштырды.
Маалымдама: Канулькулов Марат Эдильевич 1975-жылы 26-майда Фрунзе шаарында туулган.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги, юрист квалификациясы боюнча аяктаган.
2002-жылы жактоочулук ишмердүүлүк менен алектенүү укугун алган
Ой-пикир жок