Видео – Марат Мураталиев, Таластын губернатору: “Россиядан келгендер обсервацияга жатпай, моюн толгосо, милициянын абагына жаткырабыз”

“Обсервацияга жатпай каршылык көрсөтсө, милициянын убактылуу кармоочу жайынан обсервация ачып, ошол жакка жаткырабыз” – деп билдирди бүгүн, 20-майда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жергиликтүү телеканалда сүйлөп жатып.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик тургундарга жамандык каалабайт, жөн гана элдин ден-соолугун сактап калууну каалашат.

“Сизден бир гана үйдө отуруп, балдарыңызды карап турушуңузду суранабыз. Бардык акимдер жана мэрлер күнү-түнү иштеп, элдер менен байланышта болуп жүрүшөт. Алардын үй-бүлөсү, балдары жана ата-энелери да бар, алар жөнүндө да ойлон койгула. Алар коркконунан үйлөрүнө бара албай жүрүшөт” – деди Марат Мураталиев.

“Кечээ “Манас” лицейиндеги обсервацияга бардык, анда дааватка барып келгендерди жатып тургула десек, “эмнеге сүлгү жок кирет экенмин” дейт. Биз буга карабайбыз, алып барып, обсервацияга жаткырабыз. Эгерде каршылык көрсөтсөңөр, милициянын убактылуу кармоочу жайынан обсервация ачып, ошол жакка жаткырабыз. Интернеттеги провокацияларды токтотуңуздар. Штаб мыйзам кабыл алса, бардыгы айып пулга жыгыласыңар, камаласыңар. Тынч үйдө отуруп, талаа иштери менен алектенип, бири-бириңер менен байланышта болбошуңарды гана суранып жатабыз. Аксакалдар, балдарыңарга айткылачы, коронавирусту тынчтык, ынтымак менен жеңебиз” – деп суранды Марат Мураталиев.

Ал ошондой эле, жаш жигиттердин топ-топ болуп чогулуп жатканын айтып, нааразы болду.

“Кечээ 200 жигит чогулуп алыптыр. Мен алардын ар бири менен сүйлөштүм, көптөр менен байланышта болуп, анализ тапшырып жатам. Орун басарларым, докутралардын бардыгы адамдар менен байланышта болуп жүрүшөт. Булар адам эмес бекен? Булардын дагы бала-чакасы бар. Эми бир чыдап тургула. Күндүн температурасы 25-30 градуска жетсе, токтойт деп жатат. Үйдө отуруп, 1 ай чыдап койсо болот да. Ага баш ийбей, көчөлөрдө басып, унаалар менен жүрөсүңөр. Туура түшүнүңүз, ар бир адам бул дартка каршы күрөшүшү керек. Суранам, биз дагы бирөөнүн балдарыбыз, бизде да балдарыбыз бар” – деп өтүндү губернатор.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *