Марат Мураталиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 4-декабрда КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей Мураталиев Марат Молдонович өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалды.

Мындай буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Ал эми вице-премьер Дайыр Кеникеев Марат Мураталиевди эмгек коллективине жаңы жетекчи катары тааныштырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *