Марат Тагаев, журналист: “Кыргыздын шору Бекназаров сыяктуу популист саясатчыларда – Үзөнгү-Кууш менен Каркыра сатылган эмес, алмашылган. Андай кыйын болсо элчиликке эмес, Чек араны тактоо боюнча комиссияга төрага болсун”

Журналист Марат Тагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Азимбек Бекназаров тууралуу төмөндөгүдөй пост калтырды.

“Бекназаров жер сатты деген эски пластинкасын кайра айлантып кириптир. Тарых Бекназаровго келечекте баасын берет деп ишенем. 2002-жылы Кытайга, 2007-жылы казакка эч кандай жер сатылган эмес. Талаш жер дүйнөлүк практика боюнча 50-50 болуп чечилет. Андай кыйын болсо Бекназаров элчи болбой Чегара кызматына башчы, Чегараны тактоо боюнча комиссияга төрага болуп тажик-өзбектер менен талаш жерди 100% алып келсинчи, Атамбаевге берген Акшумкарды төшүнө тагып балдарын гана эмес, небере-чөбөрө-кыбыраларына чейин кызматты кепилдейли. Мен мурда да айткам азыр да айтам, кыргыздын шору популист саясатчыларда”  – деп жазган журналист.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *