Марс Саккараев Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

Саккараев Марс Намарбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ошол эле учурда Марс Саккараев мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *