Марс Сариев, саясат таануучу: “Эмне үчүн Али Токтакунов көшөрө Матраимовду “согуп” жатканы эми түшүнүктүү болду”

Саясат таанучу Марс Сариев журналист Элнура Алканованын “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Жуматаеванын башкаруу стили, дегеле жааматтын ичиндеги атмосфера тууралу постуна төмөнкүдөй комментарий берди:

«Эмне үчүн Али Токтакунов көшөрө Матраимовду “согуп” жатканы эми түшүнүктүү болду. Эгер Венера АШАга иштесе алардын максаты Жээнбековду кийинки парламенттик шайлоодон жеңип чыгуу үчүн аны эң кубаттуу түштүк кландарынын биринин ресурстарынан ажыраткылары келишкен. Матраимов учурунда КСДПнын түштүктөгү жеңишин камсыз кылып турган. Ошол эле учурда (Венера менен АША – ред КТ) башка олигархтарга, мисалы, энергомафияга, Шаиковага жана башкаларга тийишишкен эмес.

Марс Сариев, саясат таанучу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *