Матен Сыдыковдой мартабалуу инсандын эмгеги унутулбайт

Матен аба өзүнүн бүткүл өмүрүн калкына астейдил кызмат өтөөгө арнады. Эми гана турмуш жолуңа чыйыр салып жаткан мезгилинде Батыштан согуш оту жалбырттап күйүп, ал колуна курал кармап, Мекенди коргоого аттанган. 1943-жылы катуу жарадар болуп, Калинин облусунун аймагындагы майдан чегинен кичи мекенине кайтып келген.

Райондун чарбалык, комсомолдук кызматтарында иштеген, партиянын Жаңы-Жол райкомунда алгач инструктор, андан соң бөлүм башчысы, катчы, 1954-жылдан Жаңы-Жол райаткомунун төрагасы, эки район (Жаңы-Жол менен Караван райондору) бириктирилгенден тарта партиянын райкомунун экинчи катчысы кызматтарында эмгектенген.

1960-жылы партиянын чакырыгы менен «30 миңчилердин» катарында «Коммунизм» колхозунун башкармасынын төрагалык кызматына барган. 1964-жылы жаңы уюштурулган ири «Жаңы-Жол» совхозунун директорлугуна бекитилген. Өз ишин мыкты аткарган, уюштуруучулук жөндөмү мыкты жетекчи элдин ишенимине татып, жогорку жетекчиликтин назарына илинип, төрт жылдан кийин партиянын Токтогул райкомунун биринчи катчылыгына көрсөтүлгөн. Жетекчилик жооптуу, түмөн түйшүктүү ишинен өзүнүн калыстыгын, тыным билбеген эмгекчилдигин, бекем тартипти сүйгөн принциптүүлүгүн айгинелеген М. Сыдыков кызматы боюнча улам жогорку тепкичтерге көтөрүлүп, 1975-жылы партиянын Кара-Суу райкомунун биринчи катчысы кызматына шайланса, көп узабай 1977-жылы депутаттардын Нарын облустук аткаруу комитетинин төрагалыгына, кийинки жылдан партиянын Нарын обкомунун биринчи катчылыгына шайланган.

Матен Сыдыковдун жетекчилик таланты өзгөчө Токтогул ГЭСин куруу жылдарында элди жаңы жерлерге көчүрүү, жаңы айыл-кыштактарды, райондун жаңы борборун түптөө, дың жерлерди өздөштүрүү, сугат жерлерин кеңейтүү, андан соң Нарын облусунун социалдык-экономикалык жактан өсүүсүн камсыздоо мезгилдеринде ачык-айкын көрүнгөн. Үзүрлүү эмгеги үчүн эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак белгиси» ордендери, эгемен Кыргызстандын III даражадагы «Манас» ордени, медалдар менен сыйланган. Курулуш жаатында жасаган опол тоодой эмгеги үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. СССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин беш жолку чакырылышынын депутаты болгон. КПССтин сьездине делегат катары
катышкан. Нарын шаарындагы жана кичи мекени—Ак-Жол айылындагы мектепке, Кызыл-Жар айылындагы көчөгө ысымы ыйгарылган. Кербен шаарынын борбордук бөлүгүндө бюсту орнотулган.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев өзүнүн «Агындылар» аттуу белгилүү китебинде «…Ал учурда баарысы эле Матен болгусу келген, бирок бири да Матен Сыдыков боло алган эмес. Ал бардык эле жетекчилердей дегенин дегендей, айтканын айткандай аткартканды жактырган, темирдей тартипти сүйгөн. Матенге чейин да, Матенден кийин да тоолуу Нарын облусуна биринчи жетекчи болуп бир топ адам иштеди. Алардын көбү кетеринде «өтө порядочный эле», «өтө культурный эле» деген сөздөрдүн «чапанын» жамынып гана узады. Бирок, бири да Матен Сыдыков сыяктуу элдин эсинде узакка калган жок.

…Биз эс тартканы Нарынга сыланып-сыйпанып, эч кимге жаман көрүнбөй, жүрө-жүрө жүгөнү катылып, бара-бара басмайылы бошоп, ким келбесин, кандай машаяк келбесин акырындап жергиликтүү шылуундардын жетегинде калганын өзү да билбей калчу. Анан «сен мага тийбе, мен сага тийбейин» менен иштеген түр көрсөтүп, сүйлөгөн сүр көргөзүп, келгени да, кеткени да сезилбей, кийин эстелип-эстелбей, аты-жытын мезгил өчүрүп кала берген далай чоңдорду көрдүк. М. Сыдыков аксакал аларга окшоп ымшыбастан чагылгандай жанып өттү. …Матен Сыдыков чарбаны чачкан эмес, бүтүн нерсени бүлдүргөн эмес. Талаалап басып жүргөндү эмес, тартипти сүйгөн. Матендин бир аты бекем тартип болгонун айтаар элем» деп таамай жазган.

Жакында Матен Сыдыковдун небереси Курманалы Сыдыков Ош шаарында өзүнүн чоң атасынын атындагы коомдук фондцу негиздеп, мына ушуга байланыштуу партиялык, советтик жана чарбалык кызматтардын, согуштун ардагери, белгилүү коомдук ишмер Матен Сыдыковдун катарлаш иштеген жолдошторун, шакирттерин чакан кеңешүү жыйынына чакырды. Сый тамак четинде маркумдун басып өткөн байсалдуу жолу, анын иш стилиндеги бүгүнкү жетекчи кадрларга үлгү болуучу жагдайлары, адамдык асыл сапаттары туурасында кеңири сөз болду. Эмгектин жана согуштун ардагери, Матен Сыдыков менен үзөңгүлөш иштеген 95 жаштагы кадырлуу карыябыз Муктар Нургазиев, эмгектин ардагерлери Азим Карашев, Орозбек Акимбаев, Мамат Орозбаев, Кеңеш Ибраимов, Света Бостонова жана башкалар чыгып сүйлөшүп, М. Сыдыков атындагы коомдук фонддун туура түзүлгөнүн, калкы үчүн ченемсиз иш жасаган инсандын асыл эмгеги туурасында баалуу маалыматтарды кийинки жаш муундарга жеткирүүнүн зарылдыгын, мындай эл уулдарынын ысымдары кылымдарга жашай бере тургандыгын белгилешти.

Аталган фонддун директору Курманалы Сыдыков айтылган изги ой-пикирлерге ыраазычылык билдирди жана чоң атасы туурасындагы архивдик материалдарга, тарыхый документтерге терең назар ташталаарын, ылайыгына жараша анын ысымын алып жүргөн мектептердеги, көчөлөрдөгү көрнөктөрдү жаңыртып турууга, бюстун ар дайым камкордукка алууга көңүл бурулаарын айтты. Маркумдун 100 жылдыгына карата (2022-жыл) анын талапка ылайык музейин уюштуруу жагы да каралып жатканын эске салды.

Алымжан Молорбаев, Ош шаары.

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *