Машина оодарылып кетип, бир аял жабыркады

Бишкек — Ош жолунда машина оодарылып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгы кечээ, болжол менен саат 16:05те катталган. «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кетип, оодарылган. Кырсыктын кесепетинен 1957-жылы туулган аял жабыркаган. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *