Матраимовдор тууралуу иликтөөдө КСДПнын узун кулагы тикчийип көрүнүп турабы..?

“Азаттык” чуулгандуу иликтөө деп жар салып келген материал “өрдөк жокто чулдук бий” болгондой эле болуп калды. Ким бирөө эмес, кала берсе “Азаттык” да эмес, биерде КСДП жан сабап иштеген менен көчүктөрүн тазалай жүрүшпөгөнү дароо байкалды.

Аңдап карасаңар, Матраимовдорду жамбашка алып чапчу шыр баянда көрсөтүлгөн сүрөттөрдө “Азаттыктын”оператор-монтажчысы Бектур Стамкулов деп жазылган. Ушул жигит “Медиа группа План Б” ОсООсунун тең ата ээси экенин айта кетели. Аталышынан башың айланат. Бу жигит болгону оператор, анан тигинтип тең ата! САМы да Замы да… Эми ары кетели, кийинки тең аталары ким экен десең… Б-а, ал деген КСДПнын пресс-катчысымын деп жүргөн Кундуз Жолдубаева жана “Fасtсһеск.g” сайтынын журналисти Болот Темиров!

Таң калбагыла, ушул үчөөнүн жолу кудум ушул жерде кесилишип жатпайбы… Коомчулукта не деген гана кептерди айтышпады, бу иликтөөнү кайдан алышты, ким сунуш этти… мына, авторлору “собственной персоной!” Айтчу нерсе, мына ушул табышмактуу чыгармачыл бирикменин үчилтиги баштатан эле журналисттик иликтөөлөр менен шүгүлдөнүп келишкени маалым. Ушул из кубарлар бири-бири менен өтө тыгыз байланышып, бир пиаладан чай ичип жүрүшкөнү ойлонтпойбу силерди? Болот Темиров “Азаттык” сыңары эле өзүнүн сайтына ушуга койондой опокшош материалды “Матраимовдордун изи” менен деген тема менен жарыялаган. Ушул үчилтик жогорудагы жомокту токуп жатып, ак ийилет бирок сынбайт дегенди унутуп калышканын. Ким билсин, эртең-бүрсүгүнү башка бир жомогун алып чыгышар… Илхамдары келип турганда ал да кеппи? Эл көзүнө чынчыл, адилет көрүнүп жүрчү Темировдун бул жоругу… сөз жок. Айтчу нерсе мындан кийин кулагыңар чыкпасын десеңер, аны кыркып койгула, же такыр эле кесип салгыла. Башка не да демекчибиз!

Булак: “Кабар Инфо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *