Махабат Мавлянованын “мээси” айланып калганбы?

Транспорт комитетин жетектеп отурган Махабат Мавлянова өлкөнү өнүктүрүш үчүн кытайларга визасыз режимди киргизүү керектиги туурасында демилге көтөрдү. Депутаттын мындай орунсуз сунушу коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Ансыз да Кытай экспансиясы күчөп, расмий түрдө 60 миң кыргыз кызы кытайларга турмушка чыгып өлкө коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканы коңгуроо болуп кагылып жатканда, эл өкүлүнүн сунушун карапайым калк улутка карата кыянаттык катары кабылдашты. Мына кытайга тийген 60 миң кыз экиден төрөгөндө 120 миң, өздөрүн кошкондо 180 миң кытай болуп жатат. Дагы 10-15 жылда кытайлар миллиондон ашат. Визасыз режим кирсе, кытайдын агымын эч ким көзөмөлдөй албай калат. Бул жагдай акчадан башканы көзү көрбөгөн бизнесмен Мавлянованын «мээсине» жетпегени өкүндүрөт. Акча болсо мекенди сатып жиберчүлөрдөн качан арылабыз?..

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *