Медакадемияга жаңы ректор дайындалды

Кыргыз мамлекеттик медицияналык академиясынын ректору болуп Индира Кудайбергенова дайындалды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 20-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган окуу жайдын мурунку ректору Аширали Зурдинов өз арызы менен кызматынан кеткен эле.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *