Медербек уулу Адилет, 9-класстын окуучусу: ” Эне көргөн тон бычат…” эссе

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган «Сен сүйгөн кыргыз макалы» аттуу эссе жазуу сынагынын баш байгесине татыган катышуучунун омоктуу ойлорун камтыган дил баянын сунуштамакчыбыз.

“Сен сүйгөн кыргыз макалы” аттуу эссе жазуу боюнча республикалык сынактын баш байгесинин ээси,

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Медербек уулу Адилет

Эне көргөн тон бычат…

Сан жылдар көөнөрбөй жашап келген эл чыгармачылыгы элдин акылына, эмгегине, табигый шартына, тарыхый окуяларына жараша өсүп-өнүгөт. Кайсы гана элди албайлы, алардын ата-бабаларынан калган көптөгөн баа жеткис мурастары бар. Макал-лакаптар ошол ата мурасы болгон ыр, жомок, эпос, табышмак, дастан, жаңылмач, казал, аңгеме сыяктуу тил өнөрүнүн бир булагы болуп саналат. Булар оозеки чыгармачылыктын көрүнүктүүсү, эл арасына эң көп тараганы жана укмуштуудай кызыктуусу. Макалдардын пайда болуу тарыхына көз чаптырып карай турган болсок, ал ар бир элдин көз карашынын, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша пайда болгон акыл-эстин жыйындысы. Кээде айтыла турган ойдун ордун макал өзү эле аткара алуу касиетине ээ. Сүйлөп жаткан киши макал-лакапты колдонуу менен сөзүнүн маанилик деңгээлин көтөрүп, оюн терең, таасын берет.

Түрдүү тарыхый доорлордо коомдук өзгөрүштөргө карата жаңы-жаңы макалдар эл тарабынан жаралып келатат. «Сөздүн көркү – макалда» дегендей, кыргыз эли кылымдар бою сөз күчүн баалап, сөз кадырын билген эл. Алар таамай айткан курч сөзгө жыгылып, же мактоо сөздүн таасири менен зоболосу көтөрүлүп, эл алдында кадыр-баркка жеткен. Ошондуктан эл «Жакшы сөз жан эритет» , «Малга жарды кылса кылсын, сөзгө жарды кылбасын» деп улуу тилдин, курч сөздүн баркын түшүнгөн. Макал элдин орошон акылынын, даанышмандыктын жыйындысы болуп эсептелет. Ал аркылуу адамды туура жашоого, маңыздуу өмүр сүрүүгө тарбиялап келишкен.

Аталган сынакка катышууну чечип, бирок кайсы макалдын үстүндө жазууну чече албай көпкө толгондум. Анткени кыргыз элинде макалдар абдан көп. Акыры «Эне көргөн тон бычат» деген макалга токтолдум. Жакында биздин үйгө таенем келген эле. Кичүү инимдин туулган күнүнө арнап оюнчук, кийим-кеченин ордуна колго саймаланган жаздык алып келгени мени ойго салды. Жоктон барды тапкандай кубанып кеттим, буюмга эмес, эмне жөнүндө жазарыма ошол саймалуу жаздык себеп болмокчу болду. Кичүү таенем менен чоң таенемдин өнөрү жөнүндө сөз козгоону эп көрдүм. Менин таенеме апасы чеберчиликти үйрөткөн экен. А таенем болсо өз кызына, апама «жороп» деп аталуучу килем согууну, сайма саюуну үйрөтүптүр.

Биздин үйдө нукура таза табигый буюмдар бар. Алар жүндөн токулган килемдер, абдан кооз саймаланган жүк тирелген жаздыктар. Булардын баары таенемдин бармактарын жоорутуп жараткан эмгектери. Апам кичинекей кыз мезгилинен тартып бой жеткиче өз колу менен сайма сайып, сеп камдап жүрүптүр. Алардын арасында чоң таенемдин жасагандары да бар. Таятамдын кышында үстүнөн түшүрбөй кийип жүрүүчү аппак булгаары тону болор эле. Аны меринос коюнун терисин ийлеп ашатып, бычып-тиккен экен. Муундарга уланып келе жаткан бул сыяктуу өнөрлөр мени таң калтпай койгон жок. Ар бир эне өз кызына ушул сыяктуу өнөрлөрдү үйрөтсө, мунун өзү улуттук дөөлөт эмеспи.

Чоң таенем сексен беш жашта. Жылына бир жолу кышкы эс алуу күндөрүндө биздикине мейманчылап, өрүк зарлуу Баткенден келип турат. Ал жашы бир топко барып калса да бирөөнүн жардамысыз өзү басат. Атүгүл чебереси биздикине же кичүү таенемдикине келгенде үйдөгү майда-барат иштерге кол кабыш кылмайын тура албайт. Мисалы төшөк шырый коет, жүн ийире калат. Ал алты кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Кыздарынын баарын килем токуу, сайма саюу, өрмөк өрүү сыяктуу өнөрлөргө үйрөткөндүгүн өз оозунан көп уккам.

Таенемдин таар сокконуна, курут жаюу үчүн камыштан себет токугандарына жайкы каникул учурунда өзүм да күбө болгонмун. Ойлонуп отуруп өзүмдүн теңтуш кыздарымдын көпчүлүгү мындай өнөрлөрдөн кур калганын эстейм. Азыр баары даяр, кызга берилүүчү септи апасы өзү жасабастан, чеберге буюртма бере коюшат. Көз тайгылткан сеп буюмдарынын канчалык маңдай тер агызып, бармак жоорутуп жасалганын көрбөгөн кыздар кайдан билмек анын баркын? Анан кантип өз кыздарына кийин эне болгон учурунда таенелерим сыяктуу өз өнөрлөрүн үйрөтө алышат? Бул өнөрлөр да бара-бара кызыл китепке киргизилип калбайбы деген суроого кабыласың. Кыргыз эли кыздарын өстүрүп-тарбиялоосунда алардын адебине, жүрүм-турумуна, өнөр үйрөнүүсүнө катуу талап коюшкан. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт», «Кызга кырк үйдөн тыюу» сыяктуу макалдар кыздарга коюлган талап, аларды тарбиялоого болгон багытты мүнөздөп турат. Кыз баланын ыйман-ызаты, үй-бүлөлүк турмушка даярдыгы баарынан мурда ата-энеге байланыштуу. «Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал» деген кептер ушундан улам көп айтылган.

Айтылуу «Манас» эпосундагы баатыр Манастын жубайы Каныкейдин да уздугу, акылдуулугу, бүйрөлүгү боюнча бааланып, «канга ылайыктуу жар» дешип никелешкен эмеспи. «Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жакшы эрди элине баш кылат» дегендей Манасты Манас кылган да Каныкей энебиз болгон. Курманжан датка энебиз да кысталыш учурунда белги берүү үчүн жибекке сайма сайып, Алымбек даткага жибергенин айтпай кетсек болобу.

Илгерки ата-бабаларыбыз салтты катуу кармагандыктан, кыздары ыймандуу, адептүү болушкан. Айтарым жогоруда айтылган чыгаан кыздардын ысмы жомокко айланбастан, арабызда уз-чеберлер, өрмөчү-саймачылар, ыймандуу-адептүүлөр көбүрөөк болсо деген гана изги тилегим бар. Өнөрлүү адамдардын билгендерин биз, жаштар алып калсак.

Чоң таенем былтыркы кышта келип, кайра кайтканда дагы келип туруусун айтсам ал: «Ээ балам, балким акыркы келгеним ушулдур, сапарым карып баратат менин да»,- дегенин эстесем азыр да так ошондогудай тамагым буулуп, ыйлагым келип кетет. Чоң таенемдин быйылкы кышта да биздикине меймандап келишин чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Анткени кышка бир аз гана убакыт калбадыбы.

Мен да убагы келип үй-бүлө күтүп, бала-бакыралуу болсом, сөзсүз кыздарымды өнөрлүү болууга тарбияламакмын. Кыргыздын өнөрүн улантып, кийинки муундарга берүү биздин парзыбыз эле эмес, турмуш-тиричиликтин зарылчылыгы да болуп эсептелинет эмеспи.

Жогоруда айтылган макалдар аркылуу кыздарыбызды туура жашоого, эмгекчил болууга, кайсы бир өнөрдү аркалап, маңыздуу өмүр сүрүүсүнө бир аз болсо да түрткү болор деген ишеничим бек.

Медербек уулу Адилет, Кызыл-Кыя шаарынын №2 орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *