Медеткан Шеримкулов: “Эмне, Роза Отунбаева “туура эмес” десе эле, туура эмес болуп калат бекен?”

Медеткан Шеримкулович, сиздин 21-декабрда мамлекеттик резиденцияда өткөн “КР Жогорку Кеңешине 80 жыл” аттуу илимий-практикалык конференцияда айткан “2010-жылы Роза Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү парламентти таркаткан N1-декрети антиконституциялык жана мамлекетке каршы декрет болгон” деген пикириңиз коомчулукта резонанс жаратып жатат, ошол боюнча комментарий бере аласызбы?

-Кандай резонанс жаратты? Ким эмне дейт?

Мисалы, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева  “Медеткан Шеримкулович, бизди парламенттин IV чакырылышын таркатып, мамлекетке каршы иш жасады дейт, биз жасаган жол – бул революциялык жол болду” деп, кыскасы сиздин пикириңиз туура эмес деп айтты. Экинчи бир Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев “Медеткан Шеримкулович, жакшы эле билимдүү, эстүү кишисиз, революциялык кырдаал деген болот, ошону да түшүнбөйсүз” деген таризде жазды…

-Эмне, Роза Отунбаева “туура эмес” десе эле, туура эмес болуп калат бекен? Менин аларга башка айтар сөзүм жок. Калганын эл өзү менин айткандарымды окуп өзү жыйынтык чыгарат…

-Ракмат!

Булак: Кyrgyztoday.кg

1 ой-пикир

  • Чынында эле Медеткан Шеримкулов агай туура айтат бул жерде,Роза эжекене айтса эле туура болуп калбай.Маселен, 2010 жылы Роза Отунбаева Ош окуясынын алдында убагында чара корбогондуктон Адамдар олуп кетти, бул факт!!
    Бул жонундо Дуйшобаев айтып эле журот.Медеткан аксакалдын да куноосу бар 1992 жылкы Президенттик Шайлоодо Масалиевди сатып кеткен.
    Бардык эле адамдардын катасын Тапса болот,маселен Масалиев Чынчыл ,паракор эмес болгону менен,Абалдын Озгоргондугун сезбей Президент болбой калды.Сооданбеков канча жолу Президент болуп алынызчы десе, 15 республикада 15 президент болбойт да деп, Убакытты откоруп ийди.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *