Эртең, 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Медиа Форумдун” имаратынын жанында митинг болот. Бул тууралуу “Кыргызстан социал-демократтары” партиясынын штабы кабарлайт.
Алардын айтымы боюнча, митинг тынчтыкты, өлкөдө мыйзамдуулукту, туруктуулукту орнотуу багытында, үй-бүлөлүк-кландык режимдерди талап-тоноого каршы уюштурулат.
Иш-чарага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошондой эле укуктук тартипти жактаган саясий партиялардын лидерлери катышат деп күтүлүүдө.
Ой-пикир жок